Menu

Мирбек Токтошев, адвокат: Сырттагы биздин мекендештер “жазаны Кыргызстанда өтөсөм” деп эңсешет

Бөлүшүү:

Үй-бүлөсүн ата-энесин, багуу үчүч кетип, ар кандаи кылмыштарга барып, алыскы өлкөлөрдүн абактарында күн кечирип жаткан мекендештерибиздин көптүгү өкүндүрөт. Алардын укуктары, күнөөлөрү, жазалары тууралуу Орусия Федерациясынан адвокат статусун алган Мирбек Токтошевге суроолорду узаттык.

-Жакында эле 1800дөй кыргызстандык жаран сырт жактарда абакта камалып отурганы маалым болду.  Бул кейиштүү. Алардын жакындары жардам сурап кайрылышабы? Кандай жардам бере аласыңар?

– Кечээ жакында эле тышкы иштер министрлиги таркаткан маалыматка таянсак, 1834 жаран башка мамлекеттерде жаза тартып отурушат. Ошонун ичинде 1453 кыргызстандык мекендештер Орусияда. Бул абдан эле чоң цифра. КМШ өлкөлөрүнүн же биздин мекендештердин жаза тартып жаткан жарандарга керектүү конвенция тууралуу сөз кылгым келип турат. Сырттагы соттун чечиминен кийин биздин мекендеиггер өз мекенине келишип, жаза тартууга жардам бере турган конвенция бар. Бул келишим көпчүлүк КМШ өлкөлөрүндө кабыл алынган. Орусия Федерациясы да бул конвенцияны ратифакациялап берген. Бул мүмкүнчүлүктү биздин мекендештер өз укуктары үчүн билип алууга тийиш.

– Эмне себептен мындай кырсыктарга кабылышат? Аларга кандай күнөөлөр коюлган?

– Ар кандай кылмыш иштери менен отурушат. Эми бул жерден көпчүлүк учурларда уурулук, тоноо, алдамчылык ж.б. түрдүү күнөөлөрү бар. Өз мекенине салыштырмалуу оор, азаптуу турмуш кечирип келишет.

– Ошол абакта отурган адамдар менен сүйлөшүп көрдүңбү? Кандай тагдырлар, кандай адамдар?

– Абакта отургандар көп чалышат, көп учурда ал сүйлөшүүлөр абактын режимине туура келбегикинен кечинде чалышат. Алардын эң негизги тилеги, каалоосу эле «жазаны Кыргызстанда өтөсөм жакшы болот эле» деп эңсешет. Жардам сурашат. Кыргызстанда болсо, туугандары жакын болсо, ал мекендештердин оңолушуна да чоң түрткү болот деген ойдомун.

– Жардамың тийген көп эле учурлар болгондур. Адвокаттык кызмат аркалаганыңа канча жыл болду?

– Орусияда жүргөнүмө 16 жыл болду. 2002-жылы Санкт-Петербург шаарына окууга келип, ошол бойдон Орусияда эмгектенип калгам. 2011-жылдан бери юридикалык кесипте эмгектенип келем. Өз мекениңде эркелегендей башка өлкөдө эркин эмессиң. Укуктук жардамга муктаж адамдар абдан көп. Чет элде жаза тартып жаткан мекендештерге эч кандай камкордук жок болуп жатканы анык болууда.

– Чечилишине көмөк көрсөткөн окуялардан бөлүшө кетсең?

– Эми айта берсе көп эле окуялар болот. Ошол жерде эң кызыктуусунун бири 81 кг баңгизат менен колго түшкөн тажик жарандын кайрылуусу болду. Прокурор 18 жыл сураган эле. Ал адам 6 жыл алды. Андан тышкары жол кырсыгынын негизинде 1 млн. 500 миң рубль компенсациясын алып бергенге жардам көрсөттүм. Түрдүү окуялар, тагдырлар абдан көп.

– Ар кандай улуттар кайрылат турбайбы?

– Ооба. Ошол эле маалда эң негизги биздин мекендештерде адвокаттын чыныгы ишин көбү түшүнө бербегени өкүндүрөт. Өз укуктарын билбегени менен туура эмес маалымат алышып, ишти оңу менен чыгара турган жерден ырбатып жиберген учурлар да кездешет.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 86 = 94

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: