18 жаштагы студент 28-октябрдын түнүндө Бишкектеги клубдардын биринде теңтуштары менен мушташып, каза болгон.
Эскерте кетсек, 28-октябрга караган түнү үч уландын ортосунда пикир келишпестик чыккан. Экөө биригип, үчүнчүсүн ур-токмокко алышып, ал соккудан улам жыгылып башы менен тепкичке тийген. Жабырлануучу алган жаракатынан улам ошол жерден жан берген.
Шектелген эки жигит Октябрь райондук сотунун чечими менен эки айга камалды. Биринчиси 18 жаштагы шектүү №1 убактылуу кармоо жайына, экинчиси 17 жаштагы улан Вознесеновка айылындагы жашы жете электердин №14 абагына жөнөтүлдү.
Каза болгон улан жогорку окуу жайдын 1-курсунун студенти экендиги айтылган. Бишкек шаардык милициянын маалымат кызматы студент ушул видеодогу мушташтан каза болгонун тастыктады.
https://youtu.be/6CAeH8HT8-8
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ