Menu

Кыргыз улуттук университетинде жылуулук жок. Студенттер курткалар менен отурушат

Бөлүшүү:

Кыргыз улуттук университетинде жылуулук жок. Студенттер курткалары менен отурушат.  Бул тууралуу Элнура Алканова өзүнүн Фейсбук социалдык баракчасында жазган.

“Сыртта каар жаап жатат, КУУнун башкы имаратында жылуулук жок, жылыткычтар муздак, ал эми студенттер куртка кийип отурушат. Мен 50 студент менен жолугушууга келгем, бирок бөлмөлөр муздак болгондуктан 30 гана студент келди. Алар бардыгы 27 миң сом контракт төлөшөт, бирок шарттар түзүлгөн эмес”-деп жазган Элнура Алканова.

“Бишкек жылуулук тармагы” ААК билдиргендей, окуу жайга жылуулук берүү чектелген эмес. Университеттин техникалык персоналы жылуулукту 1-ноябрдан тарта иштетип  баштайт, ошол себептен ага чейин жылуулукка туташкан эмес.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: