Menu

Кундуз Жолдубаева: Алмазбек Атамбаев саясый күрөштү али баштай элек

Бөлүшүү:

Коомчулук Кундуз айымды КСДПнын расмий өкүлү катары буга чейинки салмактуу билдирүүлөрүнөн улам баалашып, ага кызыгуу артып келишет. А реалдуулукта болсо, маектешим учурдагы кыйчалыш шартта партия лидеринин оң колу сыңарындай олуттуу иштердин өтөөсүнө чыгууда. Ушул жагдайларды эске алып, эл күткөн суроолорго жооп издедик. Себеби, бүгүнкү күндө эки гана саясый күч бар: Атамбаев жана бийлик.

– Кундуз айым, өткөн жумада Алмазбек Атамбаевдин Москвага жасаган иш сапары кызуу талкууга алынып, ар түрдүү сөздөр көп айтылды. Экс-президент менен кошо ал жакка сиз да барып келдиңиз. Сапарыңыздар кандай болду?

– Азиялык саясый партиялардын Эл аралык конференциясынынын комитети жана «Единая Россия» партиясы тарабынан X Башкы ассамблеяга катышуу тууралуу расмий чакыруу август айында эле келип түшкөн. Андан бери чакырган тарап менен сүйлөшүүлөр болуп турду. Сентябрдын этегинде КСДП өзүнүн делегация мүчөлөрүн тактап, зарыл болгон тийиштүү документтердин баарын Москвага жөнөткөн. Сапар 24-28-октябрь күндөрүнө пландаштырылган болчу. Кетээрге төрт-беш күн калганда биздин партиялашыбыз, президенттин мурдагы кеңешчиси Икрам Илмияновду шоу-оюн кылып кармап келишип, камакка алышты. Анан эле «экс-президент Алмазбек Атамбаев Москвага качып кетти» деген уу-дуу сөздөр тарады. «Мунун баары атайын даярдалган чагымбы?» деген ой кетпей койгон жок. Балким, айрым күчтөр «Атамбаев Кыргызстанга кайтып келбей эле койсо» деп кыялдангандыр… Бирок, мен дагы бир жолу баса белгилеп кетким келет: Алмазбек Шаршенович Кыргызстандан эч жакка качпайт. Качканга эч кандай себеп да, негиз да жок!

Эми болуп өткөн сапар айтсам, Москва бизди абдан жылуу тосуп алды. Кыргызстандын экс-президентине болгон өзгөчө сый-урмат ачык эле көрүнүп турду. Кыскасы, сапар абдан жемиштүү болду. Пландаштырылгандын баары ойдогудай ишке ашты. Алмазбек Шаршенович Бишкекке жакшы маанайда кайтып келди.

– Самолеттон капыстан кезигишкен Нариман Түлеев жөнүндө да айта кетпейсизби?

– Туура айтасыз, элдин бүйүрүн ого бетер кызыткан дагы бир жагдай – экс-мэр Нариман Түлеевдин Алмазбек Атамбаев менен самолетко чогуу отуруп калганы болду. Учуп бараткандардын көпчүлүгү «булар эми эмненин ичине чыгышаар экен» дешип, самолет Москвага жеткичекти төрт саат бою чыдамсыздык менен ынтызарлана күтүп отурушту. Анан эле Түлеев соцтармактагы өз баракчасына Ал мазбек Атамбаев менен түшкөн сүрөтүн жарыялаганда дагы бир жолу «дүң» болду… Экс-президенттин жансакчысынын айтымында, арткы катардан күбүр-шыбыр үндөрдү кулагы чалган Алмазбек Шаршенович кайрылып, колун жаңсаса, Түлеев дароо жанына келип отура калыптыр. Анан экөө үч жарым саат бою сүйлөшүп барышканы белгилүү. Эмне жөнүндө сүйлөшүштү, эмнениталкуулашты, кандай тыянакка келишти – бул эми эки адамдын ортосундакалсын. Биз-дин бул жөнүндө бир нерсе айтып же талкууга алганыбыз этикага жатпайт деп ойлойм.

– Сентябрдан тарта Атамбаев коомчулукка мурдагыдай бир жактуу көрүнбөй, бийликке сөз айтып, чечкиндүү күрөш баштаганына күбө болуп жатабыз. Мунун себеби эмнеде?

– Алмазбек Атамбаев саясый күрөштү али баштай элек. Азырынча андай ою деле жок. Жети айдан бери бийликтин дарегине бир да сын-пикир айтпады. Болгону камакка алуулар боюнча гана үн катты. «Өлкө башчысынын ишине жолтоо болбоюн» деп унчукпай эле келатат. Бийлик тараптан болсо ымалага келишүү боюнча эч каңдай ишара болгон жок. Тескерисинче, «31-августта эгемендүүлүк күнүнө карата чакырса барбай койду, Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине да катышкан жок» деп чыгышты. Мунун чын-төгүнүнө токтоло кетейин. 31-августтагы чакырууну элдин көзүнө көрүнүш үчүн гана жасашты. Алмазбек Шаршеновичтин радикулит менен кыйналып жатканын эң сонун билишкен. Эми мындай расмий чакыруунун жол-жобосу деген бар да, аны тийиштүү тартипте жеткириш керек. Бул жерде болсо президенттик аппараттын инспектору менин телефонума чалып, «келип чакырууну алып кеткиле» деди. Чакыруу кагазын жеткирип бериш керек эмеспи, «келип алып кеткиле» дегенди кандай мамиле катары түшүнөбүз? Көчмөндөр оюндарына болсо жөн гана төшкө илме бейджиктерди тапшырып коюшту. Бул кавдай? Кийинчерээк социалдык тармактардан көрүп калдык, VIP-ложада кадимки эле Райым Матраимов да отуруптур. Эмне, «чогуу отургузуп коёлу» дешкенби? Кыскасы, бул «жөн эле чакырбай койду» деген кепке калбоонун, эптеген будамайлоонун амалы болду.

– Чындык жеңеби же ушакпы? Кеп төркүнүн түшүндүңүз да…

– Кандай болгон күндө да Алмазбек Атамбаев маалымат айдыңында мурдагыдай эле коомчулуктун көңүл чордонунда турууда. Экс-президентти алты айдан бери не бир ыплас сөздөр менен аёосуз шыбашып, жерден алып көргө уруп келе жатышат. Мында атайын даярдалган жаманатты кылуу өнөктүгү кулачын кенен жайды. Эч бир факты менен далилденбеген, акылга сыйбаган, төбө чачты тик тургузган карандай калп, имиш-ушактарды таратып жатышты. Мунун артында кимдер турганын, жадагалса, мындай ыпластык кимдердин калеминен жаралып жатканын мен билип эле турам. Бул күчтөрдүн максаты бирөө гана – Атамбаевди каралоо, жаманатты кылуу жана анын тушунда жасалган баардык жакшы иштерди жокко чыгаруу, анан да ойго келбеген жаңы, шумдуктуудай ушактарды таратуу. Булар ушуну менен гана алектенип калыиггы. Уинстон Черчиллдин «Чындык дамбалын кийгенче, калп дүйнөнүн теңин айланып келгенге үлгүрөт» деп айткан таамай сөзү бар эмеспи, ошо сыңарындай, айрымдар бул ушактарга ишенип да жатышат. Бирок, эртедир-кечтир даанышман элибиз баарын өзү таразалап, баасын берет. Тарых баарын өз ордуна коёт. Убагында Исхак Раззаковду, Турдакун Усубалиевди да ушинтип төө бастыга алышкан, каратып туруп сатышкан. Акылга сыйгыс жалган жалааларды жаап, кыргыз мамлекетине сиңирген эмгектерин жок кылууга жан үрөшкөн… Убакытгын өтүшү менен баары өзгөрөт. Баары ордуна келет. Айрым адамдардын маанайы, ою, жүрүм-туруму шартка жараша өзгөрүлүп турганы менен Алмазбек Атамбаев андайлардын катарына кирбейт, ишеними бекем, духу мурдагыдай эле бийик. А кишинин кулк-мүнөзүн жакшы эле билесиздер, бул инсан оңой адам эмес. Саясаттын не бир бороон-чапкындарында такшалган, мындан да кыйын кезеңдерде татыктуу туруп, жеңишке жетишип келген. Мына ушундай адамды досунан душманына айлантып алган жаңылыштык деп эсептейм… Чындык баары бир жеңет.

– Менин байкашымча, ушу тапта экс-президентке жолугушууга ниеттенген саясатчылардын ынтызары байкалууда. Бул боюнча сиздин оюңуз?

– Азыркы бийликтин жүргүзүп жаткан саясатына нараазы пикирлер коомчулукта көбөйүп бара жаткандай туюлат. Кайсы бийлик болбосун, ага каршылаш күчтөр болушу керек. Орус-ча айтканда, «чтобы не расслаблялись». Алмазбек Атамбаев кыргыз саясатындагы күчтүү фигура. Саясаттагы тең салмактуулукту кармап турганга кудурети жетет. Саясый күчтөр, саясатчылар муну жакшы билишет. Ошондуктан, балким, «биригип, чогуу күрөшсөкпү» деген ойлору бардыр.

– Мадумаров, Бекназаров ж.б. коомдук ишмерлер «Форумдун» имаратына жыла барышып, «Апрель» телеканалына маек беришти. Алмазбек Атамбаевге боор тарткандай болушуп, ошол эле кезде бийликтин короосуна «таш ыргытышты». Кандай шамал сого баштаганын сиз баамдагандырсыз?…

– Мен жогоруда айтып кетпедимби, бийликке каршы турган саясый күч сөзсүз болушу керек. Бирок, ал конструктивдүү иш алып барууга тийиш. Бийлик да ар түрдүү күчтөрдүн үнүн угуусу абзел. Ошондо гана эки тараптын иш-аракеттеринен майнап чыгат, мындан мамлекет утат. Адахан Мадумаров да, Азимбек Бекназаров да тажрыйбалуу саясатчылар. Экөөнүн тең айрым аймактарда колдогон электораты бар. Бул да белгилүү бир ойлорду жаратат… Ошондуктан, кандай шамал сого баштаганын өзүңүз менден жакшы түшүнүп турсаңыз керек….

– КСДПнын бүгүнкү жана эртеңки иш-аракеттерин да кошумчалай кетсеңиз? Сиздерге каршы чабуул күчөп бараткандай…

– Чабуул болуп эле жатат. Биз буга көнүп деле бүттүк. Тескерисинче, мывдан кайра чыйралып, күчтөнүп жатабыз. Азыр биз жаңы форматтагы партияны курууга белсенип турабыз. «Өлкөдө парламентаризмди орнотолу, системалык өзгөртүүлөрдү жүргүзөлү» деп жатабыз. Бул азыркы саясый элитанын колунан келбей калды көрүнөт. Мындай кардиналдуу өзгөртүүлөр системага аралашпаган, анын «үзүрүн» көрбөгөн, жаңыча ой жүгүрткөн жаштардын гана колунан келет. Ошондуктан, жаштарга чакырык таштай кетээр элем: биздин аянтча жаңы, жаш адамдар үчүн дайыма ачык.

– Башкасын айтпасак да, бүгүнкү күндө КСДП фракциясынан Атамбаевди колдогон, позициясын өзгөртпөгөн кайсы депутатгар калды?

– Биздин катарда КСДПны, анын лидерин сатпаган, бет чүмбөтүн сыйрып таштап, 180 градуска бурулуп кетпеген депутаттар калды. Алардын бири – позициясы анча-мынча жигиттердикинен бекем, партиянын принцибин жана идеяларын туу туткан тайманбас мүнөз Ирина Карамушкина. Өзүнүн туруктуулугун Мурадыл Мадеминов да көрсөттү. Ал келечегинен көптү үмүттөндүргөн саясатчы. Айта берсем дагы башкалар да бар.

Негизи, партиянын айланасында болуп жаткан окуялардын пайдалуу жагьг арбын. Бир чети, кечээ эле Алмазбек Атамбаевдин кареги менен тең айланып, «шеф» деп чуркап, жагалданып жүргөндөрдүн көбүнүн чыныгы жүзү ачылды. Алардын кээ бири ачык эле сатса, азырынча унчукпай күтө туруп, анан салмак кайсы жакка ооп баратса, ошол жакка секире калууга шашкандарды да көрүп турабыз. Эртең абал өзгөрсө булар кандай иш-аракеттерге барышаар экен?.. Көбүнүн кайрадан депутат болуп келиши күмөн. Мындайлар башка партияларга эптеп жабышып эле барып калбаса, КСДПдан орун табышы кыйын.

Акыл Бактыгулов

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 + = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: