Menu

Түркия прокуратурасы: Хашогги консулдукка кирери менен муунтулуп өлтүрүлгөн

Бөлүшүү:

Түркиянын башкы прокурору Ирфан Фидан журналист Жамал Хашогги Сауд Арабиясынын Стамбулдагы башкы консулдугуна кирери менен муунтулуп өлтүрүлүп, андан соң сөөгү жиликтенгенин 31-октябрда билдирди.

Шаршембиде жарыяланган бул алгачкы расмий билдирүүдө кылмышкерлер мурунтан даярдалган план боюнча иштешкени айтылат.

Ошол эле маалда башкы прокурор Фидан журналисттин сөөгү табыла элек экенин кошумчалады. Анкара Эр-Рияддан Хашоггинин сөөгү кайда экенин көрсөтүүнү талап кылып келет.

Түрк бийлиги Сауд Арабиясы менен кызматташууга канааттанган эмес. Билдирүүдө “Чындыкка жетүүгө аракет жасаганыбыз менен бул жолугушуулар конкреттүү жыйынтыктарды берген жок” деп айтылат.

Түркия президенти Режеп Эрдоган саудиялык журналист Жамал Хашоггини өлтүрүү “күн мурунтан” пландалганын, саудиялык агенттер Түркияга журналист өлтүрүлгөндөн бир күн мурун келе башташканын жарыялаган.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − 19 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: