Menu

Сөзүнө турган жок. Мамлекеттик салык кызматы аткаминерлердин декларациясын жарыялайбыз деген убадасын аткарбады

Бөлүшүү:

Мамлекеттик салык кызматы октябрь айынын ичинде аткаминерлердин декларациясын жарыялоого убада берген эле, бирок ал али чыга элек.

1-июлдан тарта аткаминерлердин декларациялары текшериле баштаган. Буга өлкө башчы дагы көңүл бурган. Сооронбай Жээнбеков  Коопсуздук Кеңешинин катчылыгынын кызматкерлери менен чогулуш өткөргөн. Анда өлкө башчы бардык аткаминерлердин кирешеси жана чыгашасы тууралуу отчетторду дыкаат текшерүү тууралуу эскертүү берген.

“Ар бир министрликти, мекемени, ар бир аткаминерди коррупциондук схемалардын жоктугуна текшерүү жүргүзгүлө. Жарандар коррупцияны жок кылуу боюнча иштеринен жыйынтык күтүп жатышат. Коопсуздук кеңешинин катчылыгы калктан түшкөн ар бир кат менен иштеши керек, текшерүүлөрдү жүргүзүп, чара көрүшү керек. Бир дагы кат же арыз көңүлсүз калбашы керек. Ар бир жаранды кабыл алып, анын көйгөйлөрүн чечкиле. Мамлекеттик органдарынын жоопторунда эч шылтоо болбошу керек”-деп белгилеген президент.

Ошондо эле декларациялык кампаниянын жыйынтыктары 2018-жылдын сентябрь-октябрь айларында чыгаарын маалымдашкан. Аталган иш жогорку жашыруун түрүндө жүргүзүлүп жаткан. Журналисттердин декларация жөнүндө берген суроолоруна Мамлекеттик салык кызматы октябрьга чейин жооп бере албастыгын айтып келген.

Бирок октябрда коомчулук аткаминерлердин кирешеси жана чыгашасы жөнүндө отчетту көргөн жок.

“Бизге декларацияны жарыялоо процедурасы быйыл гана берилди.  Бизде бул маселе менен иштөөчү атайын бөлүм бар. Жакында декларация жарыяланат.”-деп билдиришти Мамлекеттик салык кызматында.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: