Жалал-Абад облусунун аймагында 2018-жылдын 10 айында 542 өрт кырсыгы катталса, анын ичинен 232 өрт турак жай секторунда чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка караганда, турак жай секторунда катталган өрт кырсыктарынын кесепетинен 6 адам каза таап, 662 тонна тоют, 63 мал жандыктары жабыркаган.
Өрт кырсыктарынын көпчүлүк бөлүгү өчүрүлбөй калган тамеки калдыгынан, электр тогуна уланган бойдон унутта калтырылган электр шаймандарынан жана жаш балдардын от менен ойноосунан келип чыккан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ