Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримованы Ниязалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына жетекчи кылып дайындоо тууралуу буйрукту жокко чыгарды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдирди
“Буйрук мыйзамсыз болгон. Самара Каримованы жетекчилик кызматка дайындоо тууралуу буйрукка буга чейин министрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Секимов Ташкентте Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүп жүргөндө кол койгондугу аныкталды. Бул мыйзамсыз болуп саналат, себеби буйрукту каттоо учурунда кызмат ордунда болушу керек эле”,-деп айтылат маалыматта.
Министр буйрукту жокко чыгаргандыгын, ал эми ага кол койгон ошол кездеги министрдин милдетин аткаруучуга сөгүш жарыялоо боюнча премьер-министрге сунуш жөнөткөндүгү маалым болду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ