2018-жылдын сентябрь айынын жыйынтыктары боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында картошкага, унга жана кой этине болгон эң төмөн баа Бишкекте байкалган. Аталган маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Улуттук статистикалык комитет ЕАЭБ өлкөлөрүнүн төрт шаарында- Бишкекте, Астанада, Москвада жана Минскиде негизги азык түлүктөрдүн орточо эсебин анализдеп чыккан. Кыргызстандын борборундагы баалар башка калаалардагы баалар менен тең болуп чыккан, бирок калктын айлык маянасы башккаларга салыштырмалуу алда канча төмөн болгон.
2018-жылдын сентябрында жумурткага болгон максималдуу баа (0,01 доллар) Москва жана Минск шаарларында байкалган, ал эми эң арзан баа ( 0, 83 ондук үчүн) Астанада орногон.
Кой этине болгон эң минималдуу орточо баа Бишкекте- 4,27 доллар, ал эми пастеризацияланган сүткө болгон эң минималдуу орточо баа Минскиде- 0,63 долларды түзгөн.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ