Menu

Ысырапкерчиликти унутуп койдук

Бөлүшүү:

Той-топур ар бир инсандын өмүрүндө болчу нерсе. Бири үйлөнсө, экинчиси турмушка чыгат, бири сүннөт тойго чакырса, экинчиси жентек той берет. Бул адамзаттын өмүрүндөгү жакшылык. Элден бата алган жаманбы? Биз да башкалардыкына барып конок болгонбуз, эт-ашынан даам сызганбыз. Эми кайтарчу мезгил келбедиби деп ойлошот айрым замандаштарым. Туура, «алгандын бермейи бар», «келме кезек» деп кадырман калкыбызда бекеринен айтылбаса керек. Бирок ушул той, юбилей, кесиптик майрам, жөн эле кафеде отуруш дегендерге абай салып көрсөк, биз, кыргыздар көп нерсени ашыра жасап, аша чаап, оолугуп кетет экенбиз.

Той, той деп отуруп Россияда же башка чет мамлекеттерде уул-кыздарыбыз сөздүн түз маанисинде эле нечен азап менен ден соолугунан ажырап таап келген акчасын, баякы гезиттерде айтылып жаткан миллиондогон долларлардын басымдуу бөлүгүн так ушул тойлорго чаптап, ысырап кылып жатабыз. Насыя алып дүркүрөтө той өткөрөбүз. Биздин тойлор бир же эки күн эле болбойт. Алдын ала масилет кылып, даярданып, кудаларды күтүү, сыйга баруу керек. Жеп-ичкенге шылтоо огоеле көп.

Мына туугандардын, достордун, куда-сөөктөрдүн, жердештердин жакшылыктарына барып жатабыз. Кээде күн алыс эле тойго чакырышып жадатып да жиберишет. Кээ бирөөлөр тойго чакырып эски карыздарын өндүрүп алууну самашат экен. Кээ бир чоңдор менен парламенттин депутаттары, атүгүл айрым министрлер, аттуу-баштуу жетекчилер кол алдындагы кызматкерлерди аптанын жума күнү Бишкекке жыйынга чакырып, эртеси ишемби күнү тоюн өткөрөт экен. Жекшемби күнү баш жазмай дегендей. Бул маданияттуу түрдө пара алмай десек жаңылышпастырбыз.

Кудайга шүгүр, калктын саны, аны менен кошо туугандардын, достордун, курбулардын, аяш уулдар менен кыздардын саны акырындап өсүп жатат. Өткөндө Кадамжайга барсам, бир топ тааныштарым, туугандарым ушундай тойлордон кыйналып бүтүшкөнүн айтышты. Биздин президент же өкмөт башчысы, депутаттар неге ушундай артыкбаш чыгымдарды Указы же буйругу менен коңшулаш Өзбекстан менен Тажикстандагыдай кыскартып коюшпайт деп наалый кетишти. Ойлоп көрсөм, туура эле айтып жатышат. Тойлорду дүңгүрөтүп өткөрбөстөн, жупуну, сарамжал белгилөөгө болбойбу?! Буга дин кызматкерлери, айыл аксакалдары менен аялдар уюмдары да астейдил киришпей жатышканы абдан өкүнүчтүү.

Кыргызстанда расмий түрдө беш миңден ашуун ресторандар менен кафелер бар. Калктын саны алты миллиондон ашты. Анын үчтөн экиге жакыны кыргыздар. Бишкек, Ош, Жалал-Абад деген ири шаарларда тойду кафенин бошошуна карап өткөрүп жатышканы жашыруун эмес. Эми ачыгын айтсак, тойканада тойлорубуз улуттук мазмундан калганы качан! Элдик каада-салттарыбыз унутулуп, тамаданын эрки менен кафелер танцплощадкага айланып барат. Улуулардан ийменүү, аларга ылайыктуу музыка эске алынбайт. Оюн-зооктору калкыбыздын менталитетине туура келбейт, этикага жатпайт. Бул жерде бардыгы акчанын кулуна айланганбы деген ойго кетесиң. Компьютердеги балага акырын пул кыстарсаң каалаган музыкаңды коёт. Адеп-ахлак, маданият деген кайда калды?!

Ошол тойлорго катышып жүрүп аларда көптөгөн тамак-аштын, салаттардын, Кытайдын сырты жылтырак мөмө-жемиштеринин, канттардын калдыктары ысырап болуп ыргытылып жатканын байкадым. Менимче күн сайын Кыргызстандагы тойканаларда миңдеген болбосо да жүздогон тонна оокат таш тандыга ыргытылын жатат. Ошолорду азыраак алып, керегин гана дасторконго койбойлубу? Жер жүзүндө миллиардга жакын адам күн сайын ачка, чала тоют болуп жүргөнүн ойлобойлубу? Бул ислам динине, деги эле башка диндегилерге деле туура келбейт го. Молдокелер менен шарият жолун түшүндүргөндөр неге ысырапкорчулуктун залалын айтышпайт. Пакетин толтуруп, калпак-чепкенин алса, пулун жымырса болдубу? Дин өкүлдөрү ысырапкорчулуктун маани-маңызын жетиштүү түшүндүрүшүп, өздөрүнүн жеке мамилеси, үлгүсү менен элге көрсөтүшкөндө мынчалык болбос эле. Айрым бир кафелердеги таштандыларга мал багышкан учурду эске албаганда тамак-аш азыктары тебелендиде калып, ирип-чирип, сасып, бут алдыбызда тепселип келет.

Ар бир акыл-эстүү инсан өзүнө керегин гана алат да. Ашыкча алып, жымырып, кымтып анан нандарды көгөртүү кимге керек? Ошолорду бей-бечараларга, оорулууларга, кароосуз калышкан миңдеген кары-картаңдарга берсек оң болбос беле! Деги эле менимче дүңгүрөтө той бергендерди советтик учурдагыдай текшерип, тартипке чакырчу мезгил келди. Экинчи жагынан бизде ар кайсы райондордун, шаарлардын юбилейлерин өткөрүү, кичине эле байый түшсө ата-бабасынын атын мектепке, көчөгө койдуруу модага айланды. Мындан улам бири экинчиси менен атаандаша, мурдунан алысты көрө албагандар көбөйдү. Менимче коррупцияга каршы чечкиндүүлүк менен күрөшүп жаткан президентибиз Сооронбай Жээнбеков бул маанилүү маселеге да көз кырын салып, ысым ыйгарууга мораторий жарыяласа оң болмок. Тойлорду, ысырапкерчиликти кыскартып, экономикабызды өнүктүрүүгө, элдин ынтымагын чыңдоого, жардылардын жашоо-турмушун оңдоого, пенсиялар менен жөлөк пулдарды, айлык маяналарды көбөйтүүгө багыт албайлыбы замандаш!

Адылжан Жажанов

Булак: “Ачык сөз”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 28 = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: