Menu

Абдыкалык Рустамов токойлорду талкалай турган сунуш киргизди

Бөлүшүү:

Биз өткөн санда Өкмөттүн алдындагы айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Абдыкалык Рустамовдун Теңирден тескери кеткен иштерин тизмектеп, факты менен берген элек. Оозу мурдубузду жыйганчакты Рустамовдун «шойкомдуу» демилгесинин дагы бири ачыкка чыгып, экологдордун төбө чачын тик тургузду. Экологдордун эле эмес, элдин да куйкасын куруштурууда. Айтсак, тоо-кен компанияларынын ишин жеңилдетип, тармакка инвестиция тартуу керек деген шылтоонун алкагында Аодыкалыктын «агенттиги» көп жылдык токойлорду кыюуга тыюу салган мораторийди «талкалоо» сунушун өкмөткө киргизиптир. Бул сунуш колдоо тапса кен казган компаниялар токойлордо казуу иштерин жүргүзүп, өзгөчө баалуу бадалдардын жана дарактардын түрлөрүн кыюуга уруксат берилет. Бул ачыктан ачык токойду талкаган коррупцияга жол ачуу менен барабар да. Ансыз деле Рустамовдун кызматкерлери токойлордон киреше таап, туйтуна турган жолдорду өздөштүрүп алган. «Бактарда кандайдыр бир илдетчыкты» деген негизсиз шылтоолор менен өзгөчө баалуу жана көп жылдык өсүмдүктөрдү кыйып келе жатышат. Буга качан чекит коюлат?

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 28 = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: