Чүй облусундагы айланма жолдо 2 унаа сүзүшүп, 1 адам каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлады.
Маалыматка караганда, кырсык бүгүн, 2-ноябрда саат 9:00 чамасында Чүй облусундагы айланма жолдо болгон.
Анда “Volkswagen Jetta” жана “Volkswagen Golf” үлгүсүндөгү эки унаа сүзүшүп, 3 адам жаракат алса 60 жаштагы бир адам каза болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда унаалардын бири каршы тилкеге чыга калган.
Учурда тактоо иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ