Өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илип көнгөн Кыянбек Сатыбалдиев 28-октябрда Ноокен районунун 90 жылдык мааракесин белгилеп, вице-премьер-министр Замирбек Аскаров баштаган аткаминерлерге «Ала-Тоодой эт менен Ала-Көлдөй чык» тарттырды. Албетте белгилесин, ага эч ким кызганбайт, бирок мамлекеттин эсебинен өткөрүлгөн ар бир иш-чаранын датасы так белгилениши керек го. Дегенибиз, архивдик маалымат боюнча Ноокенге 90 жыл толо элек экен. Тактап айтканда аталган район 1935-жылы түптөлгөн. Муну Жалал-Абад облустук мамлекеттик архиви тактап, Сатыбалдиевдин жеке өзүнө бир нече ирет билдирсе да, көзүн май баскан кызталак «дың» дебей коюптур. Тарыхка кол шилтеп салып өз «ишин» бүтүргөн. Кызарган жерден кыя өтпөгөн «каапыр» неге минтти десек, маселе бар экен. Көрсө, райондун 90 жылдыгын өткөрүү боюнча марафон өткөрүлүп, ири сумма акча жыйналыптыр. Ноокен районунун акими Эркин Маматаев 3,5 миллион сом түшкөнүн билдирди. Эми укук коргоо органдары чогулган акча кайда кеткенин текшерип, өкмөттүн көзүн боёп, тарыхый маалыматка таянбай шаан-шөкөт өткөргөн жетекчиге чара көрүш керек. Бийлигинен пайдаланып ар бир аткаминер өз билгенин кыла берсе мамлекет каланып калбайбы?
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ