Menu

Сарыбашев Мырзакматовдон да өтүп кетти го?

Бөлүшүү:

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыба­шев ушу жуманын башында шаардын кыш­ка болгон даярдыгы тууралуу өткөн Ош ша­ардык кеңешинин жыйынында, шаардык кеңештин депутаттары эле эмес, Жогорку Кеңештин депутаттарын да Ош шаарында­гы кадр саясатына кийлигишпөөгө чакырды. Андагы жыйында мэр Сарыбашев «Жогор­ку Кеңештин депутаттарына айтып койгу­ла, кадр саясатына кирише бербесин» деди. Охо! А балким аныкы деле туурадыр. Бирок, айталы дегенибиз андан да башка.

Кезинде Мелис Мырзакматов дагы өзүн Оштун түбөлүк ханы катары сезип, ор­долуу Ош шаарынын борбордук аянтын­да өтүп жаткан кайсы бир жыйынында ал жерге Мырзакматов келатканда айдакдоо­чулары «арстан келатат, шер келатат!» деп ураан чакырып, добулбас кагылып турганы көпчүлүктүн эсинен чыга элек болсо керек. Чынында эле ошондо Мелис Мырзакматов­дун шаарды хандык «колоритте» башкарып турган кезинде ошол учурдагы Өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков анын караанын­да эле калгандай туюм жаратып калганын байкап, көрүп да калбадыкпы. Анын сыңа­рындай өткөндөгү мамлекеттин эгемендик күнүндө шаар мэри Сарыбашев хандын өр­гөөсүндөй болон атайы жасалган орундук­та майрамдык шаан-шөкөттү маашырла­ныуу менен көрүп жатканын элдин баары эле көрсө керек. Ага караганда ошол эге­мендик күнү Бишкекте мамлекеттик мас­штабдагы чоң-чоң ишмерлер баштарына күн өтүп, Сарыбашев отургандай хан орундукта эмес, кадимкидей эле жупуну отургучтарда олтурса, айрымдары туруп эле турушкан. Дегенибиз, орто кылымдагыдай мындай «бай-манаптык көз караштагы» жетекчи­лерди Өкмөт акеби же Президент аке болобу мамлекеттик кызматкердин этикасын эсине салып, этектен тартып койбосо болбойт го?

Нурдин Асанов

Ал эми мобу сүрөттө болсо– Сарыбашев өзүн­чө эле бай-манап, анын артында даражасы жа­на бийлик статусу жагынан жогору ал кездеги КРнын вице-премьер министри Гүлмира Кудай­бергенова турат. Антип кызматтык даража­ны салыштырбаган күндө да манап мүнөз эмес, кыргыз мүнөз мырзаларыбыз, ар убак аялзаты­на ызаат көрсөтүп келген. А тигини кара, аял кишини тургузуп коюп тигинтип кол чатырга коргонуп олтурганын, какырдыкы!

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: