Menu

Панкратов Олег кетсин!

Бөлүшүү:

«КРнын экономика ми­нистри Олег Панкратов кызматтан кетиши ке­рек!» Мындай пикирди Жогорку Кеңештин шей­шемби күнү өткөрүлгөн экономика жана фискал­дык саясат боюнча оту­румунда депутат Гүлшат Асылбаева айтып чыкты. Депутаттын пикиринде кошуна өлкөлөр салык процедураларын фискали­зациялоо боюнча бир топ алгылыктуу аракеттер­ди көрүшүп, натыйжасында көптөгөн кирешелер­ди алып келип, ишкерликти «көлөкө- бизнесинен» алып чыгып жатышат. Ал эми мындай ыкма Кыр­гызстанда дагы деле ишке киргизиле элек. Жарым жылдан бери мамлекеттик салык кызматы ме­нен экономика министрлиги аталган долбоорду кантип ишке ашыруу керектигин алигиге чейин биле албай олтурушат. Ал тууралуу жумушчу топ түзүлүп, жыйындар өткөрүлгөнү менен андан эч нерсе чечилбей, эч кандай майнап чыкпай келет, иш алдыга жылган жок. Мунун баарына Панкра­тов күнөөлүү деп ойлойм» деди, эл өкүлү.

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 23 = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: