Мекенчил күчтөрдүн биримдигин түзгөн тараптар, бир нечелеген коомдук уюмдар, айрым саясий партиялар, жеке инсандар өлкөбүздө саясий, экономикалык, руханий кризис тереңдеп бараткандыгын белгилеп, Мекен, Улут, Мамлекет деген бөлүнгүс үч ыйыктыкты туу тутуп, коомдо саясий туруктуулуктун, адилеттиктин, айкындыктын бекемделишине салым кошуп, Кыргызстан ар тараптан өнүккөн, кубаттуу өлкөгө айланышы үчүн ынтымак жана жигердүүлүк менен болгон мүмкүнчүлүктүн баарын жумшай тургандарын билдирип, мамлекетибиздеги бүгүнкү жана эртеңки иштердин багыттары туурасында ар кыл маселелердин түрмөгүндөгү жыйнга- Элдик Курултайга камылга көрүлүүдө. Аталган жыйын 24-ноябрда жалпы республикалык масштабда өткөрүлүшү белгиленди. Албетте, курултайчылардын коюлуп жаткан маселелеринин мааниси калың, эң негизкиси коомчулук күтүп жаткан ал курултай саясаттын оюнуна айланып, бир тараптуу өңүткө ооп, кимдир бирөөлөрдүн камчысына айланып калбаса болду.
Булак: «Айгай-пресс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ