Menu

Өлкөгө 570 миллион чыгым алып келген жалган ишкерчилик боюнча 25 факт ачыкталган

Бөлүшүү:

2018-жылдын 9 ай ичинде өлкө боюнча 25 жалган ишкерчилик фактысы катталган. Андан келтирилген чыгаша 570 миллион сомду түзгөн. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы билдирди. 2017-жылга салыштырмалуу жалган ишкерчиликтен түшкөн чыгым 396,7 миллион сомго көп болгон. Бул фактылар боюнча 25 кылмыш иши козголгон.

Мыйзамсыз ишкерчилик боюнча 90 факты ачыкталган. Алардын өлкөгө тийгизген зыяны  14,5 миллион сомду түзгөн. 

Жыл башынан бери салыктарды толөөдөн качуу фактысы боюнча 460 текшерүү жүргүзүлгөн, анын натыйжасында ишкерлерге салыктардан 3 миллиард 44,6 миллион сом кошулган.

Аталган сумманын 2 миллиард 68,2 миллион сому бюджетке кайтарылган, бул көрсөткүч 2017-жылга салыштырмалуу 826,3 миллион сомго көп.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: