Menu

Кыргыз мыйзамын сыйлабаган Бахадыр Сулейманов неге “кытайларга жагалданат?”

Бөлүшүү:

Кыргызстанда, кыргыз элинин жеринде бакыт таап, бакыйган мамлекеттик кызматтарда, Жогорку Кеңеште олтурса да кыргыз элин сыйлабаган адамдар бар. Айталы, Жогорку Кеңештин депутаты Бахадыр Сулейманов кыргыз парламентинде депутат болуп олтурганы менен кыргыз учун кылган жакшылыгын көрө элекпиз. Дегеле, бул жигиттин эмне иш менен алектенгени коомчулукту кызыктыра баштады. Анык иликтөө эми башталганы туру. Маселен, Сулейманов жада калса өзүн таанытма карточкасына (визитка) дагы аты-жөнүн орусча жаздырып, экинчи бетине кытайча жаздырып алган. Адатта биздин эл өкүлдөрүбүз таанытма карточкасынын бир бетин кыргызча, бир бетине орусча жаздырып жүрүшөт. Сулеймановдун бул кылганына башыбыз маң, эмнеге кытайларга «артын» тосууда? Мындан улам көпкөн кытайлар: «Депутатка айтам» деген сөздү айтып, чыр салып аткан жокпу? Бахадыр мырза кытайлардын Кыргызстандагы «тиреги» болуп атабы? Дегеле Сулеймановдун бул ишке кандай тиешеси бар? Кытайларды Кыргыз жеринде тайраңдатуу үчүн Сулейманов атайын «лицензия» алганбы? Өз мамлекетин сыйлабаган адамды эмне кылуу ксрск?

Камчы Кадыров

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 + = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: