Menu

Аравандагы цемент заводдун курулушуна 86 миллионн АКШ доллары жумшалган, завод ишин баштаса 450дөн ашык жумушчу орун түзүлөт

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-ноябрда Ош облусуна жасаган эки күндүк иш сапарынын алкагында Араван цемент заводунун ачылышы менен таанышты.

“Бүгүнкү саамалык биздин мамлекетибиздин турмушундагы эң маанилүү окуялардан. Бул завод келечекте өлкөнүн өнөр жайынын флагманы болот. Мындай ири ишканалардын ишке берилиши менен жаңы жумушчу орундар түзүлөт. Заводдун курулушунун жүрүшүндө 1000ге чукул жергиликтүү тургундар жумуш менен камсыз болуп, заводдо иштин башталышы менен 450дөн ашуун жумушчу орун түзүлөт»,-деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Заводдун курулушуна жалпысынан 86 миллионн АКШ доллары жумшалган. Бул курулушту сөздүн түз маанисинде интернационалдык курулуш десек жарашат. Заводдун курулушуна жана ишке берилишине беш өлкөнүн — Кытай Эл Республикасынын, Россиянын, Түркиянын, Голландиянын жана Кыргызстандын банктары жана ишкерлери катышты.

Араван цемент заводу жылына 1 миллион тонна цемент өндүрөт. Мамлекеттик казнага жана жергиликтүү бюджетке 400 миллион сомдон ашык салык жана социалдык төлөмдөр түшөт. Завод толук кандуу иштей баштаса, Кыргызстандын түштүгүн цемент менен камсыздоо маселеси чечилет. Завод заманбап технологиялар менен жабдылып, толук автоматташтырылып, бүткүл технологиялык процесстер Борбордук түйүндөн башкарылат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 + = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: