Олимпиаданын жеңил атлетика боюнча сегиз жолку чемпиону, ямайкалык жөө күлүк Усэйн Болт Австралиялык “Сентрал Кост Маринерс” футбол клубундагы карьерасын жыйынтыктады. Бул маалымат тууралуу аталган клубдун расмий сайтында жайгашкан.
Маалыматка караганда, Болт менен клубдун ортосундагы пикир келишпестиктен улам мындан ары кызматташуу токтотулган. Ага карабастан, сайтта ” 8 ай бою Усэйн Болт биздин клубдун курамында болгонуна биp абдан кубанычтабыз”-деп жазылган.
Ал эми спортчу өз кезегинде “Келе жаткан сезондо клубка ийгилик каалайм, баардык оюнчуларга, клубдун жетекчилигине жана кызматкерлерине ыраазычылыгымды билдирем”-деп жазган.
Усейн Болт үстүбүздөгү жылдын август айында аталган клуб менен мөөнөтсүз келишим түзгөн. Октьябрда “Макартур Саут Вест” клубу менен беттеште Болт 2 гол киргизип, 4:0 эсебинде өз клубуна жеңиш алып келген.
Эске салсак, Болт акыркы жолу Олимпиадага 2012-жылы Лондондо катышкан, жана 2017-жылы ал жеңил атлетикадагы карьерасын жыйынтыктаган.
Кыргызчалаган:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ