“Бишкек жылуулук тармагы” билдиргендей компания менен окуу жайлар ортосунда жылуулукка кошуу тууралуу келишимдер бар. Ага ылайык, компания жылуулукту окуу жай жайгашкан жерге чейин жеткирип берет, ал эми аны имараттын ичине жайгаштырууну жана баланстоону окуу жайдын персоналы өзү ишке ашырат.
Дээрлик бардык окуу жайлар жана социалдык объекттер жылуулукка 18-октябрьда кошулган.
Ал эми Бишкектин К. Көлбаев атындагы автоунаа жана жолдор колледжинде жана Бишкек курулуш-архитектура менеджменти колледжинде жылуулук системаларын оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканына байланыщтуу жылуулук 7-11 ноябрга чейин берилет.
Башка окуу жайларда жылуулук менен көйгөй жок деп билдиришти мекемеде.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ