Menu

Курманбек Бакиев, экс-президент: «Менин оорум, сүйүүм жана үмүтүм – Кыргызстаным». Кыргызстандын экономикасы жөнүндө азыноолак сөз

Бөлүшүү:

Ар бир мамлекеттин жана ар бир өлкөнүн жетекчисинин саясаты кооз жазылган отчёттор жана макроэкономикалык көрсөткүчтөр менен эмес, калктын реалдуу жашоо деңгээлин көтөрүү аркылуу өлчөнүшү керек. Эгерде бүгүн адамдар кечээгиге салыштырмалуу жакшы жашап жатышкан болсо, демек, анда жүргүзүлүп жаткан саясат туура. А эгерде калктын жашоосу начарлап кеткен болсо, демек, анда сен жана сенин пикирлештериң кандай кооз сөздөр менен программаларын айтышпасын, баары бир бул саясат жараксыз жана туюкка кептелет. Ушуну түшүнүп, мен 2005-жылдагы март революциясынан кийинки алгачкы жумалардагы туруксуздуктан жана башка бардык тоскоолдуктардан өткөн соң, өз ишимдеги эң башкы максат катары адамдардын жашоо деңгээлин көтөрүүдө реалдуу жыйынтыктарга жетүүнү максат кылып алган болчумун.

Биздин жашоодо баары салыштыруу аркылуу гана билинет эмеспи.

2010-жылдын 7-апрелиндеги трагедиялуу окуялар учурунда куралдуу мамлекеттик төңкөрүш жасагандар өз бийлиги үчүн эбегейсиз чоң курмандыктарга барышты. Муну алдын ала билип туруп, ачык пландаштыргандар же ушундай бүлгүн салган курмандыктарга каршы турууга мүмкүнчүлүктөрү бар болсо да, каршылык көрсөтпөй, жүздөгөн бейкүнөө адамдардын каны төгүлүшүнө себепкер болгондор бул үчүн жооп бериши керек. Катардагы жарандардын мээлерин айлантып, аларга асман башындагы, кол жеткис кыялдуу убадаларды берип, ант берүү менен алдашкандар, өздөрү бийликке келген биринчи күнү болгон жана да алар бийликте турган соңку учурларда өлкөдө болуп жаткан нерселер үчүн жазаланышы керек.

Алар элдин жашоосун жомоктогудай сонун кылып жиберүүнү бийликке келген биоинчи күндөн баштап эле убада бере башташкан. Ал кезден бери азыр жетишерлик убакыт өттү, ошондуктан мен өзүм президент болуп турган убактагы мурунку бийлик менен кийинки келген бийликтин иштериндеги жыйынтыктарды салыштырууга моралдык жактан акым бар деп эсептеймин. 5 жылдын ичинде биз бийликте турганда эмнеге жетишкенибизди жана да ошол эле мөөнөттүн убагында азыркы өкмөт эмне кыла алгандыгын талдап көрөлүк. Ошондой эле, менин убагымдагы жасалган иштерди менден мурунку президент Акаевдин 15 жыл бийликте олтурган кезиндеги жетишкендиктери менен салыштырып көрүп, биздин жүргүзгөн саясаттагы айрым принципиалдуу моменттерди эске салып коюу дагы пайдалуу болот. Мен башкарган мезгилдеги жетишкендиктердин кыскача мүнөздөмөсү экономиканын кыйла өскөндүгүн жана жашоонун социалдык шарттарынын жакшыргандыгын ачык көрсөтүп турат. Азыркы бийлик жок дегенде бир көрсөткүч боюнча эки эсе жакшыртуу болду деп мактана алабы? Аттиң… Айрым бир моменттерге мен кеңири токтоломун.

Бюджет кирешелеринин көбөйүшү

5 жыл ичинде биз бюджет кирешелерин 275% га көбөйтө алдык, же орточо эсеп менен алганда, жылына 40-50% га көбөйтүп жүрүп олтурдук. Дагы бир баса белгилеп кете турган жагдай, мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн мындай эселенип көбөйүшү салыктардын эселенип азаюу фонунда болду, – мындай нерсе Кыргызстандын тарыхында, дегеле өнүгүп жаткан өлкөлөр тарыхында эч качан болгон эмес. Мен ал көрсөткүчкө кийинчерээк кайрыламын. Өзгөчө белгилеп койгум келет: экономиканын өнүгүшүндөгү жаңы приоритеттерди аныктоо, максатка жетүүдөгү жаңы ыкмалар гана эмес, коррупция менен аёосуз күрөшүү дагы ушундай чоң жыйынтык берди, анткени, көмүскө экономиканы сугарып, мамлекеттин биринчи адамына жакын болушкан тар чөйрөдөгү адамдардын гана байытып келген финансылык булактар өлкө бюджетине карата бурулган болчу. Бул биринчи иретте кичи жана орто бизнести колдоо, ички жана сырткы инвестицияларга жол ачуу, бардык тармактардагы – айыл чарбасында, өнөр жайда, курулушта, финансылык системада, соода кылууда, кызмат көрсөтүүчү чөйрөдө – жаратман эмгектенүүгө шарт түзүү аркылуу ишке ашырылды. Ушул аталган иш-чаралар комплексин ишке ашыруу боюнча жасалган кадамдар өлкө бюджетине түшкөн кирешелердин эселеп көбөйүшүнө алып келди да, ички дүң продукттун бир нече эсеге көбөйүшүн шарттады. Мен өз сөздөрүмдө дайыма республиканы өнүктүрүү боюнча стратегиялык программаларга негизделген экономиканын тигил же бул тармактарына өзгөчө көңүл бөлчүмүн. Мамлекеттик да, тармактык да программалардын аткарылышын мен өзүм жана да парламент катуу көзөмөлгө алып турчу.

Көз карандысыздыктын алгачкы 15 жылында жыйылып калган тышкы карыздын түзүмүн талдоо ал каражаттардын басымдуу бөлүгү инфраструктураны кармап туруу үчүн кеткен чыгымдарга, негизинен жолдорду курууга жана оңдоого жумшалгандыгын билдирип турат. Мындай приоритетти аныктоодо таң кала турган деле эч нерсе жок. Жалгыз гана «Ош-Бишкек» автожолун модернизациялоо боюнча долбоор өзүнө эки миллиард доллардан ашуун сырткы карыздын ичинен 600 млн. АКШ долларын тартып кеткен. Саясий жактан калыс, реалдуу цифраларды гана көрсөтүүчү статистика Акаевдин тушунда жолдорду курууга жана оңдоого жыл сайын, «Ош-Бишкек» долбоорунан сырткары, орточо эсеп менен алганда 150 млн. сом сарпталып келгендигин тастыктап турат. Салыштырып көрөлүк: бир гана 2008-жылы Кыргыз Республикасы магистралдык долбоорду эсепке албаганда, оңдоо жумуштары үчүн 1.5 млрд сом жумшаган, башкача айтканда, Акаевдин мезгилине караганда 10 эсе көп каражат колдонулган. Курулуш чөйрөсүндө иштегендер, ошондой эле өндүрүшчүлөр муну сезбей коё алышмак эмес. Курулуш индустриясында, курулуш материалдары жана кызмат көрсөтүүдө кескин өсүү башталып, жол курулуш техникаларын, тиешелүү транспорттук каражаттарды көп санда сатуу жана сатып алуу жүрдү. Өлкөдө бардык аймактарда жаңы асфальт заводдору курулуп, таш талкалоочу атайын ишканалар ачылып, керектүү заттар казылып алынуучу жайлар иштетиле баштады. Ошондо эле эң ири, стратегиялык жактан маанилүү болгон жолдорду куруу боюнча долбоорлор негизделип, «Датка» көмөкчү станциясын куруу боюнча макулдашууга, ЛЭП 500 «Датка-Кеминди» курууга, көмөкчү станция ПС 500 «Кеминди» курууга, «ТЭЦ- Бишкекти» реконструкциялоо долбооруна, «Камбар-Ата-2» ГЭСин курууга кол коюлуп, айланып өтүүчү «Бишкек-Балыкчы» жолун реконструкциялоо башталган эле.

Менин тушумда кол коюлган долбоорлордун алкагында бардык техникалык, экологиялык, уюштуруу, администрациялык, финансылык маселелердин баары чечилген болчу. Ошондон улам гана бул башталып калган иштер азыркы күндө улантылып келе жатат, ал эми айрымдары бүткөрүлүүгө жакындап калды. Мен «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштаганымды өзгөчө белгилеп койгум келет. ТРАСЕКА программасы боюнча сүйлөшүүлөр башталып, ага автомобиль жолдору да кирип, ошого ылайык мурдагы Советтер Союзунун бардык өлкөлөрүнүн жолдору Пакистан, Афганистан жана Индиянын жолдору менен туташтырылышы каралган болчу. Аба мейкиндиги аркылуу байланышты жакшыртуу боюнча, жаңы авиалинияларды ачуу, «Манас”, «Ош”, «Тамчы» аэропортторун реконструкциялоо, «Манас-2» аэропортун куруу боюнча да сүйлөшүүлөр башталып калган.

Бул китепти окуган ар бир адамда: «Ушунун баары Бакиевдин тушунда эле киргизилип, башталып калган болсо, азыркы бийлик жаңы эмнени сунуш кылды жана соңку 5 жыл бою конкреттүү кайсыл ишти аткарды?» деген мыйзамченемдүү суроо жаралат. Баса белгилеп кете турган нерсе, 5 айда эмес, Кыргызстандын бийлигинин эң жогорку чокусунда олтурган 5 жыл ичинде бул бийлик кандай иштерди жасап, кандай көзгө басар ийгиликтерди жарата алды?

Тилекке каршы, азыркы кездеги Кыргызстан боюнча маалыматтар оптимисттик маанайды ойгото албайт, чарбачылыктын бардык чөйрөсүндө артка кетүү болуп жаткандыгын гана күбөлөндүрүп турат. Буга далилдер жетишерлик. Эч качан эгемен Кыргызстандын тарыхында инвесторлор өкмөт менен соттошкон учур болгон эмес. Мындай нерсе бийликке төңкөрүш жолу менен келген жаңы жетекчиликтин тушунда орун алды, эми болсо алар эл аралык сотторго берилген доо арыздарга көмүлүп жатып калышты. Доо талаптардын жалпы суммасы 1 миллиард АКШ долларынан ашып кетти, бир нече соттук иштер утулуу менен аяктады. Бизнесмен Белоконьго 16 миллион АКШ долларын, «Ак-Кеме» мейманканасы боюнча түрк жарандарына 11 миллион АКШ долларын, «Кутесай майнинг» боюнча 119 миллион АКШ долларын, ВДНХда («Бишкек» Эркин Экономикалык зонасы) имараттар комплексин арендага алышкан түштүк кореялык компанияга — 29 миллион АКШ долларын уткуруп жиберишти.

Өкмөт инвесторлор менен тил табыша албай, алар менен соттошуп, а эң башкысы, – ал соттук иштердин дээрлик баарын тең уттуруп жатканы маскарачылык иш болуп эсептелет. Ал чыгымдардын баарын тең бюджеттин эсебинен төлөөгө туура келери түшүнүктүү, ал карыздардын түйшүгү акыры айланып келип эле карапайым элдин мойнуна түшкөн жүк болуп калат, анткени карызды жалпы өлкө төлөйт да. Эртеби, же кечпи эл баары бир жүйөөлүү суроону берет: «Эмне үчүн Атамбаевдин өзүнүн жана анын командасынын жаңылыштыктары үчүн ансыз деле жакырдыкка батып калышкан жөнөкөй жарандар төлөп бериши керек? Мындай эбегейсиз чоң чыгымдарды мамлекеттин эсебинен эмес, ошол күнөөлүүлөр өздөрү төлөшү керек. Эсиңиздерде болсо керек, Атамбаев шайлоо кампаниясы учурунда элдин алдында эгерде ал бюджеттен жок эле дегенде бир тыйынды уурдаганга барса, анда аны Кудай өзү жазаласын деп көп ирет карганып ант берген.

ЖАЛПЫ КЫЙРООНУН МЕЗГИЛИ

Советтер Союзунун кыйрашы мурда чогуу болуп келген бирдиктүү өндүрүштүк экономикалык инфраструктуранын үзүлүшүнө гана алып келбестен, Кыргызстандын экономикасынын да олуттуу зыянга учурашына алып келди. Ошол мезгилдеги республика жетекчилигинин абдан компетентсиз, жоопкерчиликсиз болушу буга кошумча дагы бир терс фактор болуп калды. Ошонун натыйжасында, мурунку ондогон жылдар ичинде окутулуп, үйрөтүлгөн, кыргыз жумушчу классынын сөңгөгү болгон жүз миңдеген шаардыктар жумушсуз көчөдө калышты. Завод, фабрикалардын иши токтоп, жабдыктары, станоктор, механизмдер уурдалып, металлолом болуп сатылып кетти. Ал тургай, тоолордогу кашарлар жана чабандардын үйлөрү эптеп эки метр арматураны металл сыныгы катары сатуу үчүн пайдубалына чейин бузулду. Бул кез жалпы кыйроочулуктун учуру болуп калды.

Биздин жарандардын үчтөн эки бөлүгү иштешкен агрардык сектор бир аз болсо да азыраак кыйрады. Биздин колхоздор жана совхоздор эмне болгондугу жалпыга белгилүү, «реформалар» – менчиктештирүү, мамлекеттик мүлктү бөлүп алуу жана башка дагы ушул сыяктуу кадамдар кыйратуучу мүнөздө жүргүзүлдү.

Биз баарына белгилүү болгондой, Кыргызстан үчүн оор кесепеттерге алып келген иштин көзүн билбеген, чала сабат чарбачылдык жөнүндө сөз кылып жатабыз. Бирок, келтирген кесепет зыяндары көп мезгил өткөндөн кийин гана сезиле турган, өзгөчөлөнгөн кыйратуучу процесстер жана кубулуштар да болот, алардын айрымдары азыр гана, биздин көз карандысыздык алганыбыздан бери чейрек кылым убакыт өткөндөн кийин гана билине баштады, дагы узак жылдар бою өтө кыйын тоскоолдук катары терс таасир этүүсүн уланта берет. Мен коммуникациялар жана инфраструктуралар жөнүндө айтып жатамын. Алар -жолдор, суу менен камсыз кылуу, канализация, энергия менен камсыз кылуу системасы. Аларды талапка ылайык деңгээлде кармап туруу үчүн мамлекет абдан чоң каражаттарды салып турууга милдеттүү, бул үчүн инвесторлор, тартылышы керек, анткени, жеке сектордун мындай чыгымдарга барууга кудурети жетпейт. Жалпы иштин көлөмү ага кеткен чыгымдар менен эле өлчөнүп кала бербейт. Ар бир адамдын жашоосундагы зарыл болгон нерселерди камсыз кылып турган бул системалардын маанисин ашыра баалоо мүмкүн эмес. Эгерде мамлекет бул маселелерге жеткиликтүү көңүл бурбаса, анда эртеби, же кечпи жалпы түйүндөрдүн иши токтоп калган абалга жетет, бүт организм шал болгон сымал болот.

Советтер Союзу кулаган соң, миң ирет жерден алып көргө, көрдөн алып жерге урулган өнүккөн социализм учурунда эң эле алыскы тоодогу кырманга, чабан үйүнө чейин салынып берилген асфальт жолдору алгачкы курмандыгы болуп калды. СССР кулагандан кийин Кыргызстандын экономикасы жаңы жолдорду курмак турсун, даяр турган жолдорду өз убагында оңдоп, калыбына келтирип, өз калыбында кармап туруу үчүн жетишерлик каражат бөлүүгө кудурети жетпей калды. Техниканы сатып алууга акча жок эле, мен жогоруда бир мисал келтирип кетпедимби, акаевдин мезгили тушунда транспорт министрлиги жолдорду кармап турууга жылына 150 миллион сом бөлчү, а биз болсо бул сумманы 10 эсеге көбөйттүк деп, бирок, ушунун өзү да абдан аз болчу. Акаевдин тушунда курулган жалгыз жол – «Ош-Бишкек» трассасы Кыргызстан үчүн 650 миллион АКШ долларына турду. Анын айрым участокторун реконструкциялоо азырга чейин уланып келе жатат. Жакында эле Атамбаевдин өкмөтү узундугу 60 чакырым болгон «Бишкек-Кара-Балта» трассасындагы участокту оңдоо үчүн гана 120 миллион АКШ долларын сарптоо боюнча макулдашууга кол койду. Мезгил өткөн сайын баалар да өсүп жатат, ал эми жолдорду карап, оңдоп туруу керек, бул өтө эле кымбатка түшө баштады.

Талкалануунун кесепеттерин жоюу

Алдын ала ойлонулбаган саясаттын, негизги фондуларды талкалап, жок кылуунун кесепеттеринен биз кандайча арыла баштаганыбызга токтоло кетейин. Мамлекеттин сабаттуу экономикалык саясаты көп учурларда жол инфраструктурасына пайдалуу инвестицияларды тартуу үчүн ишенимдүү иштей турган механизмди түзүп, жолдордун өзүн өзү актап, иштеп турушун камсыз кылып, аларды натыйжалуу пайдаланууда турат. Өнүккөн өлкөлөрдөгү бардык чарбалык маселелердин чечүүнүн алгоритми ушундай калыптанган, биз деле ошол жалпы эрежелерден чыгып кете албайбыз. Бул механизм канчалык кеч киргизилсе, – ал ансыз эч нерсе болушу да мүмкүн эмес, жол сапаттары ошончолук начарлай берет, ал болсо кийинки муундарга мураска калат.

Биз көрүп тургандай, Кыргызстандын тышкы карызынын 40%зы биз тараптан стратегиялык маанидеги жолдорду курууга жана кармап туруу үчүн салынган каражаттар болуп эсептелет. Ошентсе да, бул каражат да жетпегендиктен, жол инфраструктурасынын абалы абдан эле начар болчу. Бул маселенин абдан олуттуу экендигин түшүнүү менен бирге, мен президент болгон алгачкы жылдардан баштап, башкача айтканда 2006-жылдан баштап, биз бул тармактагы эң эле ири долбоорлорду ишке ашырууга киришкенбиз. Алардын катарында, Кыргызстандын ички региондорун өз ара байланыштарын камсыз кылып турган магистралдык жолдордун маанилүү участокторун куруу же толугу менен реконструкциялоо эле эмес, «Нарын – Бишкек – Торугарт», «Ош – Иркештам», «Ош – Баткен – Исфана» сыяктуу коңшулаш өлкөлөргө чыга тургандары да бар эле. Бул жана дагы «Ош – Бишкек» жолундагы проблемалуу участок болгон Маданият айылы менен Жалал-Абад шаарынын ортосундагы аралыкты кайрадан жаңылап, «Талас – Тараз – Суусамыр» маршруту боюнча азыркы учурдун талаптарына жооп берген автомобилдик жолду куруу болчу.

Бардык күчтү жана ресурстарды эң башкы багыттарга карата чечкиндүү түрдө бөлүштүрүп, аларга буруу менен бирге биз эң эле туура чечим кабыл алганбыз деп эсептеймин, башкача айтканда, дал күрөө тамырды кармаганбыз. Турмуш өзү биздин стратегиялык жактан абдан терең ойлонулган, зарыл чараларды жасаганыбызды тастыктап турат, ушунун өзү өлкө ичиндеги транспорттук байланыштын жана жүк ташуунун жакшырышына гана көмөкчү болбостон, экономиканын, ишкердиктин көтөрүлүшүнө да жигердүү таасир этип, эбегейсиз көп жаңы жумушчу орундарын түзүүгө шарт түзөт. Жалпы жыйынтыгында, ушул чаралардын баары чогулуп келип, сөзсүз түрдө биздин реалдуу көз карандысыздыгыбызды чыңдоого багытталат, а бул болсо мамлекет башчысынын алдында турган базалык, негизги милдет болуп эсептелет.

Маалыматтарды дыкаттык менен талдоого алуу, Кыргызстандын азыркы бийлигинин мамлекеттик төңкөрүштөн кийинки беш жылда эң эле маанилүү болгон инфраструктуралык ишмердик айдыңында жок дегенде бир жаңы долбоорду ишке ашырууга да ниети жок экендигин көрсөтүп турат.

Суу жөнүндө

СССР кулагандан кийин борборлоштурулган каржылоо токтоп калган соң, биз жол маселеси менен гана бет келбестен, өлкө экономикасын кыйрата баштаган маселелерге туш болдук. Ал кезде кардиналдуу түрдө, шашылыш чараларды талап кылбаган электр менен камсыз кылуу системасы гана туруштук бере алды. Ошентип, эгерде жолдорду тез аранын ичинде оңдоп, реконструкциялап, жана да жаңыларын куруу үчүн инвестиция салууда жол тармагы биринчи орунда турган болсо, андан кийинки орунга суу менен камсыз кылуу системасы туруп калды, анткени, ал дагы абдан эле начар абалга жетип, оор участоктору иштен чыгып бара жаткан. Айылдардагы, посёлоктордогу суу сактоочу курулуштар, суу түтүктөрү жана колонкалар талкаланып, биринин артынан бири иштен чыга баштаган кезде, мунун баары кандайча болгондугу урматтуу окурмандардын эстеринде болсо керек. Андан соң бул талкалануунун масштабдары дагы кеңейип, өсүп олтуруп, алгач чакан шаарларга, андан кийин ири шаарларга чейин жетти. Акыры аягында, Ош, Бишкек сыяктуу эң ири шаарлардын жашоочулары да турмуш-тиричиликтеги кыйынчылыктарга туш болушту, суу менен камсыз кылууда үзгүлтүктөргө учурап, иче турган суунун сапаты да начарлады.

Кыргызстандын өкмөтү мындай кыйраткыч агымдарга каршы турууда, эл аралык донордук уюмдардын колдоосу менен, ошондой эле жергиликтүү коомчулукту жана калкты бул демилгелерге тартуу жолу менен тез аранын ичинде көрүлүүчү чараларды жасап жатты. Көз карандысыздыктын жылдарында, айылдык калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча программага ылайык, иштен чыгып бара жаткан суу менен камсыз кылуу тармагын реабилитациялоо максатында, донорлор тарабынан өлкөнүн экономикасына 650 миллион АКШ доллары сарпталган.

Бул жагдайда айрым бир оң натыйжаларга жетише алсак да, бул маселени толугу менен чече алган жокпуз. Тилекке каршы, бул тармакты оңдоого жана кармап турууга өтө көп каражат сарпталганына карабастан, суу менен камсыз кылуу жалпы республикалык деңгээлде жакшырып кетти деп айтууга болбойт. Анысы аз келгенсип, бул абал мурдагыдан да начарлай баштады, азыркы кезде айыл жерлериндеги калктын 60%зы иче турган таза сууга жетпей калды. Абал ушунчалык катастрофалуу деңгээлге жеткендиктен улам, эксперттердин пикири боюнча, республикадагы суу менен камсыз кылуу системасын камсыз кылууга жана бардык суу сактоочу курулуштарды кайра калыбына келтирүүгө бери эле болгондо 10 жыл убакыт, ошондой эле, 2 миллиард АКШ долларына жакын инвестициялык каражатты тартуу талап кылынат. Казынада мындай акча жок. Аны карызга алууга болот, бирок аны ким, качан жана кантип төлөп берет? Азырга чейин өлкөдө анын эксплуатациялоого жана башка иштерине кеткен чыгымдарын, суунун өзүнө турган наркын жаба ала турган, суу менен камсыз кылуу боюнча акы төлөө механизми биротоло иштелип чыга элек. Бул маселе бардык жакыр өлкөлөрдүн маселеси болуп эсептелет. Бул абалдан чыгуу үчүн карызга акча алып, адистерди тартып, маселени республикалык масштабда кардиналдуу түрдө чечүү зарыл, бирок, андан соң дагы ондогон жылдар бою моюнга илинген карыз оор, майыштырган жүк бойдон кала берет. Арийне, эгерде карызга акча албай жана да бул маселени жакынкы аралыкта чечпесе, анда бул тармак азыркы жарым бүлүнгөн абалынан толук талкаланган абалга чейин жетет да, андан дагы бир аз убакыт өткөн соң, кайра калыбына келтирүү үчүн 10 эсе көп каражатты талап кылат. Бул абдан олуттуу маселе, аны чечүү үчүн бардык колдон келген жана андан да ашыкча аракеттерди көрүү өкмөттүн биринчи иреттеги милдети болуп саналат.

Электроэнергетика жөнүндө

Энергетиканын азыркы кооптуу абалы жөнүндө ар бир Кыргызстандык жаран билет, анткени, менин тушумда да, азыркы бийликтин учурунда деле, башкача айтканда, соңку 10 жыл ичинде өлкө биздин энергосистемада түзүлгөн кырдаалды кыжалаттануу менен талкуулап келе жатат. Гидроэлектростанциялардын, жогорку вольттогу электр тогун өткөргүч линиялардын, трансформатордук көмөкчү чордондордун эскилиги жетип, канчалык ишпалдасы чыккан абалда экендиги, бөлүп берүүчү компаниялар, жылуулук берүүчү борборлору жана казан түйүндөрү кандай шарттарда иштеп жатышкандыгы, жалпыга маалым. Энергетикалык чарбанын жалпы абалы абдан жаман абалда калды. Соңку жылдарда эле энергетика системасына сырткы карыздын ичинен дээрлик бир миллиард АКШ доллары жумшалды. Ошол эле учурда, жакшыруу багытында кескин өзгөрүүлөр болгон жок: бул система кандай болуп келсе, так ошондой эле жексен болуп бара жаткан бойдон кала берди. Бул маселенин маңызы боюнча олуттуу маалымат бар болгондуктан, түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун бирден бир гана туура жолу бар экендиги билинип турат: позитивдүү өзгөрүүлөр жаңы кубаттуулуктар киргизилип, жаңы технологиялар өздөштүрүлгөндө гана болушу мүмкүн.

Уландысы кийинки санда

Булак: “Жаңы ордо

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 + = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: