Menu

Ажонун командасы. Ак үйдүн аренасынан репортаж

Бөлүшүү:

“Волейбол кара-кулжалыктардын улуттук оюну болот, үка… “- деди, таксист байке, көк жөтөл болгонсуган эски “Мерседеси” жыла бергенде. Шарип аксакалдын колунда бир топ жыл иштептир. “Сооронбай топту катыра ойночу эле, илгери, жаш кезинде. Курсагы салаңдап калганы эле болбосо, ошо командасы менен келсе, азыр деле жаштардын шаштысын алмак…” деп ишенимдүү карап койду. “Ошо командасы менен келсе…” деген сөзү маселенин дал бутасына тийгенин билген деле жок. Ага саясаттан көрө, балдарын багуу азыр маанилүү экени байкалып турду.

«Сооронбай Жээнбековдун спорттогу командасы күчтүү болсо, саясаттагы командасы кандай болду экен?» деген собол төбөмдөн сайылып турду. Ага жооп таппасам, соболдун түбүндө калчудаймын. Анда эмесе, саясаттагы командага сарасеп салып көрөлү. Кеттик…

Командада өзүнө ишенген чабуулчу болот. Ал ошондой жөндөмү менен лидер. Байкенин сөзүнө ишенип, Сооронбай Жээнбековду ушул оюнчуга теңеп туралы.

Таймаштын талканын чыгарган дагы бир чабуулчу болбосо команда жеңишке жетиши кыйын. Ал бир эле учурда чабуулчу, коргоочу болгон чебер оюнчу болушу кажет. Керек болсо экинчи линиядан ойноп, каршылаштарынын айласын курутуп тургандар болот. Мындай оюнчунун милдети Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге жарашмак. Сөздүн түз маанисинде айтканда, мыйзам боюнча Өкмөт башчыга бир топ укуктар берилгени жалганбы? Демек, бүгүнкү шартта топ жара турган оюнчуну сынга коёлу… Жакында эле беш партия оюн бүттү. Абылгазиевдин оюн көрсөткөнүн көрө алган жокпуз. Ыгына карап эле ойноп жүрдү. Жанын кыйнаган жок. Себеби, кандай? Президент С. Жээнбеков жыл башында “Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп жарыялап, өтө олуттуу маселелерди койгон болчу. Жергиликтүү бийликтердин укуктарын аныктоо, каржы булактарын калыс бөлүштүрүү демилгелери элеттик кичик-абылгазиевдерге майдай жаккан болчу. Президенттин сунушу сөз бойдон калды. Ошону менен жыл жыйынтыкталып баратат. Бул бир эле маселе. Калганы деле балк эткен жок. “Өгүз өлбөсүн, араба сынбасын” деген принцип күчүндө.

Экинчиден, командада чабуулчулардын ажатын ачкан пас берүүчү болот. Андан өткөн универсал оюнчу чанда кездешиши керек. Кайсыл чекитке болбосун топту так жеткирип, упай арттыруучулардын ана башы ушу. Муну ким десек, Президенттин аппаратынын башчысы Досалы Эсеналиевге туш келчүүдөй. Себеби, Президент, Өкмөт, Жогорку Кеңештин бир муштумга биригип иштешине өбөлгө түзчү адам — ​аппарат башчысы эмеспи. Азыркы күндөгү тышкы жана мамлекеттик саясаттын жүрүшүнө түздөн-түз Эсеналиев жоопкер да. Чабуулчуларга пасты бул оюнчу мыктылап эле берип жатат.

Анан албетте, команданын духун көтөрүп, оюнду уюштуруучу бирөө керек. Аны капитан деп койсок деле болот. Андай оюнчу Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековго туура келчүдөй болуп турат. Тилекке каршы, Дастан Артисбекович капитандык милдетти так аткара алган жок. Себеби, командага капысынан кирип калгандай, жат адамдай оюн көрсөтүп жатат. Эмнегедир чабуулчу-лидерлерди сыртынан карап тургандай. Мунун бир себеби, экономиканы көтөрүүгө түрткү берүүчү бир дагы мыйзам кабыл алынган жок. Депутаттар талаалап, жайылып кетти. Бардыгы кайдыгер. Албетте, мындай оюнчу команданы артка тартары бышык.

Команда толук болушу үчүн дагы эки оюнчу керек. Алар Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов. Эми булар командага оюнчу жетпей калганда “ойноп берип тургулачы” деп бош жүргөн адамдарды чакыргандай эле элес калтырышууда. Баягы, Байдыкемдин “Апакем эптеп төрөп койгон экен, кыргыздын көбөйсүн деп адам саны…” дегендей кеп. Буларды таразага салып, сынга коюп убара болуунун кажети жок.

Мына окурман. Сооронбай Жээнбековдун командасын ушундай сүрөттөсө болот. Бул команданы мыкты ойногон эки эле оюнчу “паччагын” чыгарып коёт. Андай оюнчулар коррупционерлердин арасында толуп атат. Азырынча Жээнбековдун командасы жеңилүү ызасын тартып турат. Моюнга албашка арга жок. 5:0… Коррупция жеңишин жууп, тантана тээп жүрөт…

Элтуран Чалов

Булак: “Жаңы ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − 15 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: