Кечээ, 2-ноябрда Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында каналга түшүп кеткен 6 жаштагы баланын денеси табылбай жатат. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, окуя кечээ 17:06 чамасында болгон. Каналга 2012-жылы туулган С.А. аттуу бала түшүп чөгүп кеткен. ӨКМдин куткаруучулары тарабынан издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, бирок баланын денеси табылган жок. Издөө иштери бүгүн, 3-ноябрь күнү да улантылат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ