Menu

Депутат Иса Өмүркулов: “Атамбаевсиз СДПК” деген кыймылдын активисттери менен болгон жолугушуума Асылбек Жээнбековдун тиешеси жок”

Бөлүшүү:

“КСДПнын келечеги бар, бирок ал өнүгүшү үчүн анын жетекчилиги кетиши керек” деген пикирин депутат Иса Өмүркулов журналисттерге билдирди.

“Бул партия жашашы керек. Анын кең келечеги бар. Бирок анын жетекчилиги кетмейинче партия өнүкпөйт”, – деди депутат.

Мындан тышкары анын “Атамбаевсиз СДПК” деген кыймылдын активисттери менен болгон жолугушуусуна Асылбек Жээнбековдун тиешеси жок экенин кошумчалады.

“Мен бул адамдарды кабыл алганыма анын тиешеси жок. Мен ар кайсы уюмдардын өкүлдөрүн кабыл алдым. Эч кандай мыйзам бузуу кылган жокмун. Күнүгө мага кайрылган жарандарды кабыл алам. Бул адаттагы көрүнүш. Кимди кабыл алышым керек, кимди кабыл албашым керек мага эч ким буйрук бере албайт”, – деди депутат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 + = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: