Menu

Мурдагы вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев мамлекеттик “Учкун” акционердик коомунун директору болуп дайындалды

Бөлүшүү:

Кечээ, 3-ноябрда мурдагы вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев мамлекеттик “Учкун” акционердик коомунун директору болуп дайындалып, жаңы жетекчи катары ишкананын эмгек жамааты менен расмий тааныштырылганын өздүк баракчасына жазып чыкты.

Ал “Урматтуу мекендештер! Кудай буюрса, мамлекеттик “Учкун” акционердик коомунун келечегине жакшы жанылыктарды жаратабыз”, – деген пикирин жазган.

Эскерте кетсек, Дайыр Кенекеев буга чейин 2015-жылдын май айынан 2016-жылдын июнь айына чейин өкмөттүн Талас облусундагы өкүлүнүн орун басары, андан кийин 2017-жылдын октябрына чейин облус башчы болуп иштеген. Ал эми 2017-жылдын октябрынан тартып, 2018-жылдын апрель айына чейин вице-премьер-министр болуп эмгектенген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: