Кечээ, 3-ноябрда Бишкектин Фрунзе менен Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Ассорти” деп аталган кафеден өрт чыкты. Бул тууралуу КРдин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Берилген маалыматка ылайык, тилсиз жоо саат 17:50 чамасында чыккан.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аталган дарекке өрт өчүрүү унаасы жөнөп кетип, учурда жеринде иштеп жатканын кабарлады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ