Menu

Жогорку Кеңештин депутаттары Баку шаарында өткөн ТүркПАнын тармактык комиссиясынын кезектеги жыйынына катышышты

Бөлүшүү:

Кечээ, 3-ноябрда Жогорку Кеӊештин депутаттары Калдарбек Баймуратов менен Төрөбай Зулпукаров Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Укук маселелери жана эл аралык мамилелер боюнча комиссиясынын Азербайжандын Баку шаарында «ТүркПАга мүчө-мамлекеттердин антитеррордук мыйзамдары боюнча биридиктүү көз карашын иштеп чыгуу» темасында өткөн VI отурумуна катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Комиссиянын отурумунун ишин Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Исмет Учма алпарды. Жыйын жүрүшүндө анын катышуучулары терроризмге каршы күрөшүү боюнча эл аралык келишимдерге жигердүү катышуу зарылдыгын белгилешип, ТүркПАга мүчө-мамлекеттердин бири-бирине укуктук көмөк көрсөтүү жаатында ой-пикир алмашты.

Ошондой эле иш-чарага Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын, Түркиянын парламентчилери менен эксперттери катышты.

Белгилей кетсек, ТүркПА ага мүчө-мамлекеттердин мыйзамдарын өз ара жакындаштыруу жана шайкеш келтирүү боюнча сунуштамаларды кабыл ала турган парламенттер аралык уюм болуп саналат. Ал сунуштамалар мүчө-мамлекеттердин парламенттери мыйзам кабыл алууда эске алынууга тийиш.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: