Menu

Ноокен райондук соту апасын өлтүрө сабаган жаранды 2 айга камакка алды

Бөлүшүү:

Ноокен райондук соту апасын өлтүрө сабаган жаранды 2 айга камакка алды. Мындай чечим 30-октябрда кабыл алынды.

Эскерте кетсек, Ноокен районунун Сакалды айыл өкмөтүнүн Аримжан айылында 66 жаштагы А.Ш. аттуу аял Б.Т. аттуу уулунун токмогунан каза болгон.

Маалыматка караганда, эне оор абалда ооруканага 28-октябрда түшүп, оор жаракатынан улам ошол эле күнү көз жумган. Райондук оорукананын дарыгерлеринин айтымында, токмоктолгон аял аларга өзүн билбеген оор абалда жеткирилген.

Ал эми Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, А.Ш.нын уулу Б.Т. апасын мас абалда эч бир себепсиз оозго алгыс сөздөр менен тилдеген. Үйүнүн ичинде бөлмөдө таянып жүргөн таягын алып, аны менен сабап бир нече жолу уруп жаракат келтирген. Ошол эле күнү кылмышка шектелген уулу камакка алынган. Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренесинин 4-бөлүмү (саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) менен кылмыш иш козголду. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 59 = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: