Бүгүн, 5-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аскарбек Шадиевге козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум башталат.
Эскерте кетсек, депутат Аскарбек Шадиевге кызмат ордунан кыянаттык менен пайдаланып, “мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн” жана “мыйзамсыз акча каражаттарын менчиктештирген”, тактап айтканда 2017-жылы жай айларында Чыңгыз Айтматов атындагы 30 миң (АКШ) доллар өлчөмүндөгү сыйлык акыны жеп алган деп айып тагылган.
Белгилүү болгондой Шадиев ага кылмыш иши козголгон күнү, тагыраагы быйыл, 28-апрелде Тажикстан аркылуу өлкөдөн чыгып кеткен. Кийинчерээк анын АКШда экендиги белгилүү болгон.
Булак: Кyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ