Menu

Казакстанда чек ара кызматкерлери соттолду

Бөлүшүү:

Костанай шаарында башка өлкө жарандарын Казакстан аймагы аркылуу мыйзамсыз өткөрүүгө айыпталган бир катар аскер кызматкерлерине карата сот өкүмү чыкты.

2-ноябрда Костанай шаарында өткөн аскер сотунда жалпысынан 21 кишинин иши каралды.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, 13 аскер кызматкери 2016-жылдын август айынан тарта 2017-жылдын июнь айына чейин Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан жана Кыргызстан жарандарынын Орусияга мыйзамсыз өтүшүнө шарт түзүп берген. Айыпталуучулардын арасында өзбекстандык жарандар да бар.

Айыпталуучулардын ичинен Бекжан Анаркулов менен Каримжан Турсынов төрт жана беш жылга эркинен ажыратылды. Калган аскер кызматкерлери айыппулга жыгылып, аскер наамдарынан ажыратылды. Дагы бир даарына өмүр бою мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салынды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: