Menu

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери 18 жаштагы баланы кыйнап өлтүрүүгө айыпталууда

Бөлүшүү:

Ысык-Көл областынын Бөрү-Баш айылынын тургуну Нурлан Асанбеков милиция кызматкерлерин 18 жаштагы баласынын өлүмүнө айыптоодо. Анын айтымында, укук коргоочулар маркумду кыйнап, ур-токмокко алышкан. Бул тууралуу Фейсбук социалдык тармагында “Вентус” укук коргоо уюму маалымдаган.

Президентке жазган кайрылуусунда Нурлан Асанбеков милиция кызматкерлери 18-октябрь күнү анын уулун камакка алып, ур-токмокко алып, кыйноо менен өлтүрүшкөнүн билдирген.

“Ал адамдарды жазалоону суранам. Менин баламдын башына баштык кийгизип кыйнашыптыр, суу куюлган бөтөлкө менен урушуптур”, – деп айтып берген Асанбеков.

Ысык-Көл обдастынын ИИБде 18 жаштагы Эрмек Касымов 22-октябрь күнү талаада бакта асынып турган жеринен табылганын билдиришкен.

“Өз кайрылуусунда Нурлан Асанбеков уулу асынып турган жеринен табылганы жөнүндө айткан эмес. Бул жагдай анын сөздөрү чын эмес экенин көрсөтүп турат. 19-октябрь күнү Ак-Суу районунун ИИБна Бөрү-Баш айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Ал түндө бирөөлөр сарайынын эшигин сындырып, үч койун уурдап кетишкенин айткан. Ошол эле күнү уурулукка шектүү деп Эрмек Касымов кармалган. Ал малды уурдап, 12 миң сомго сатканын мойнуна  алган. Ал каражатка ал сүйлөшкөн кызына мобилдик телефон алып берген. Аталган факт боюнча КРнын кылмыш-жаза кодексинин “мал уурдоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон”, – деп билдиришкен ИИБде.

Ысык-Көл ИИБ президентке кайрылган Нурлан Асанбеков өзү буга чейин бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылып, “мал уурдоо” жана “зордуктоо” беренелери боюнча соттолгонун белгилешкен. Эрмек Касымовдун өлүмү боюнча  Ак-Суу райондук прокуратурасы жана областтын Коопсуздук кызматынын ички иликтөө бөлүмү тарабынан текшерүү жүрүп жатат.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: