Голливуд фильмдеринде роль жаратып жүргөн Казакстандык каскадер Касым Жумагужин Хеллоуин майрамын белгилөө учурунда каза болду. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыкты.
Маалым болгондой, 2-ноябрдан 3-ноябрга караган түнү Казакстандагы эс алуучу жайлардын биринде Хеллоуин майрамын белгилеп жаткан учурда Касым Жумагужин жипте асылып турган мумияны көрсөтүп берген. 15-минут өткөндөн соң каскадерду жерге түшүрүшкөн. Ошол учурда ал өзүн жаман сезип жатканыдын айтып тез жардам чакырткан. Дарыгерлер биринчи жардамын көрсөтүшкөн соң анын жаны чыгып бара жаткандыгын айтышкан. Бирок экспертизанын жыйынтыгында каскадер инфарк дартынан улам каза болгондугу аныкталган.
Маркум “Көчмөндөр” “Дневной дозор” жана “Рекетир” тасмалары менен коомчулукка кеңири белгилүү болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ