Menu

Ала-Тоодой бийик боло албадык

Бөлүшүү:

Улуу тоолор жакты карап, улуу кыргыз урпагы, эс пештеп көрдүң бекен, акыл пештеп көрдүң бекен?… Эпаада, улуу тоолордун мөңгүсүнө карап акыл пештеп, эс пештеп көрүң: азыр эле. Ооба, азыр эле! Эртең кеч. Бизге улуу сабак болор уңгу төнүп жатат, тээтиги мөңгүлөрдө.

Улуу тоолордун чокусуна чыгып медитация кылбасак да, тек, этегинде отуруп эки көздү чылк жуумп, адырлардын, кыр-кырлардын арасынан салаа-салаа агып келген сууларды көз алдыга элестетип көрөлүчү. Мөңкүп, туйлап, адырандап агып келген суулар тоонун этегине жеткен ченде жоошугандай жайлап, бирине бири кошулат: мөлтүрөгөн тунугу да, киргили, ылайы аралашканы да. Чоң суусу болобу, майдасы болобу, арасында ит өлүгүн агызып келгени болобу – баары аралашып, баары кошула бергени үчүн улуу дайрага айланып кетишет турбайбы, суулар! Ошону менен аккан сууда арам жок болуп келгени… Суулар биринен бири жийиркенбеген үчүн, биринен бири чоочуркап, сетиркебеген үчүн тугггунук улуу дайра болуп агып жатат күрпүлдөп. Бирок улуу элдин урпагы эмнеге ошол улуу тоонун койнунан, улуу тоонун арасынан агып келген суулардан сабак албайбыз-ов?!

Эмнеге маңдайыбызда бизге улуу устат болуп шаңкайып турган Ала-Тообуздан таалим-тарбия албайбыз? Эмнеге улуу мөңгүлөрдүн -улуудайрага айланчу күрпүлдөгөн сууларынан сабак албайбыз? Улуу эл, улуу калк боло албай жатканыбыз ошондон болуп жүрбөсүн?! Агер ар бир кыргыз урпагы – биринен бири сетиркебей, чочуркабай аралашканда – улут катары кандай кубатка ээ болор элек?! Кокту-колот, урууга, түндүк-түштүккө, исламчы-теңирчиге бөлүнүп алып, сен бүгүн кең саздын суусундай сасып жатасың го, кыргыз?! Бирибизден бирибиз каскүмөнсүп: мага окшогон кулпендеңди калмак дейсиң, кыпчак дейсиң, шондон эмне табасың?! Кел, мүмкүн тээтетиги улуу тоолордун койнунан агып келип аралашып, жуурулушкан суулардын өрнөгүн алган улут болобуз!

Арабызга дунганы, өзбеги, тажиги, уйгуру, корейи, орусу, немиси – деги койчу, Кыргызстандын топурагына эңилип кетмен чапкандын, суусун ичкендин баары аралашканда гана биз улуу калк, улуу эл болуп, орток баалуулуктарыбыз бир экенин, бөлүнгүс экенин андаганда гана биз күч-кубаттууулут каайланабыз! Биз ошондо гана сөздүн чыныгы маанисиндеги улутчул болорубузду унутпайлы! Агер Кыргызстанда жашаган өзбек тууганыбызды же дунган боордошубузду этностук өзгөчөлүк менен бөлүп караган жаман адатыбыздан арылбасак, биз эч качан уюткулуу улут боло албайбыз, бурадарым!

Биз менен аралаш жашап келген башка калктардын биринен акыл оошуп, биринен ырыс жугушса гана -бизге буюрган улуттук кеменгерлик ошол. Өзүбүз менен өзүбүз улутчул болуудан өткөн кооптуу нерсе жок! Ансыз да мамлекеттик чек арабыз тургай, рухий чек арабызды куушура кысып келген сырткы күйтөрдүн айбат сүрү туру! Глобализация доорунда өзүбүзгө гана энчилүү баалуулуктар менен менменсинген, кекирей-ген, текеберсинген түркөйлүгүбүз менен эч качан боору бүтүн улут боло албайбыз.

Мына биздин улуттук дөөлөт-мурас баалуулуктарыбызды бирге түптөп келген бөлөк улуттун өкүлдөрүнүн кыргызга кылган кызматын мисалга алып карайлычы: Теодор Герцендин эмгектерисиз Манастын образын элестете алабызбы?.. Константин Юдахиндин орусча-кыргызча сөздүгүн колдонбогон кыргыз урпагын таап бере аласызбы? Абдылас Малдыбаев менен бирге «Айчүрөк», «Манас» операларын жаратышкан Владимир Власов, Владимир Фере жараткан улуу чыгармалар ушул күнгө чейин опера-балет театрынын репертуарынан түшпөй келаткандыгы эле эмнени түшүндүрөт? Же болбосо Михаил Раухверге окшоп «Чолпон» балетиндей шедевр чыгарманы жаратуу кайсы кыргыз композиторунун колунан келди? Эң алгачкы эл аспаптар оркестрин түптөгөн Шубин болбосо Карамолдо Орозов менен Ыбрай Тумановдун шаңгыраган керемет күүлөрү оркестрге түшөт беле убагында?.. Жок!

Мына, бөлөк улуттун өкүлдөрү болсо дагы дал ушул жогорудагы улуу залкарлар менен бирге улуттук дөөлөт-мурастарыбыз түптөлүп келгенин унутпоого тийишпиз. Алардын жараткан чыгармалары бүгүнкү күнгө дейре улуттук алтын фонубуздун казынасын байытып келгенин танууга эч мүмкүн да эмес. Тилекке каршы, биз бүгүн жеткен өзүмчүл улутка айланып бараткандайбыз! Арабызда өзүнүн тар түшүнүгүнө камалган улутчулдар чекеден кабылган күнгө туш болдук! Мындай улуттук өзүмчүлдүк менен алыска барбайбыз! Жадесе, Кыргызстанда жашаган башка улуттар менен жуурулуша албай келатканыбыз аз келгенсип, мындан канча жыл мурда Тажикстандагы согуштук апааттан аргасыз көчүп келген түбү кыргыз боордошторубузду ушул күнгө чейин боорго тээп, аларды «тажик» деп тежиктенген тексиздер канча, арабызда?!

Йе, жолуң болгур, кыргыз урпагы! Эч болбосо, улуу тоолорго бир мертебе жүзүбүздү буруп карайлычы! Улуу элдин урпактары – улуу тоонун койнунан, улуу тоонун арасынан агып келген суулардан сабак албайлыбы! Маңдайыбыздагы баарыбызга улуу устаттай шаңкайып турган Ала-Тообуздан таалим-тарбия алып, бийик болбойлубу? Туу чокуларына барып сыйынбасак да, этегине көчүк басып отуруп, медитация кылып көрбөйлүбү көзүбүздү чылк жуумуп…

Олжобай Шакир, жазуучу

Булак: “Айгай”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: