Menu

Саясий элитага саресеп

Бөлүшүү:

Кыргыз эл мугалими, орошон ойчул жана окумуштуу К. Исаевдин илимий-социологиялык жана публицистикалык макалалар топтому “Кыргыз жолу” деген аталышта китеп болуп жарык көрдү. Кусейин агабыздын кезектеги (элүүнчү) эмгегинде сөз “Кыргыз ким эле, ким болду, ким болушу керек?” деген башы ачык, аягы туюк философиялык суроолордун жообун издөө улантылат жана коом таануучуларды талкууга тартат. Биз төмөндө жаңы китептен чакан үзүндү жарыяладык.

Кыргыз саясий элитасы элге тиешелүү мамлекеттин байлыгын талап-тоноп, менчиктештирип алды. Кыргызстандагы бир канча муундардын күжүрмөн эмгеги менен жаралган материалдык байлык бир ууч адамдардын колуна өткөн. Буларды кыргыз эл акыны Анатай Өмүрканов «Пил» деп жүрсөк бит экен/ «Киши» деп жүрсөк ит экен/ Делбетап депутаттардын, Адамдайы – жүз эмес эле үч экен/ «Демократия» деп койсо, Дем байлап чуркап акактап/ Иттен жаман иттерге, ишенип жүргөн мен акмак»/ деп мыкты жазган.

Союз кулап, кыргыз эли өз алдынчалыкка, азаттыкка жеткени, өзүбүзчө «мас» болуп, «кыргыз ким болгон, ким болду, ким болуш керек эле?» деген суроонун үстүндө жарытылуу баш оорута элекпиз. Теңирдин буйругу, анан тарыхтын талабы менен XX кылымдын аягында азаттык алгандан берки жетекчилердин баары тең Европа билими, Батыштын баалуулуктары менен элге сиңбеген идеологияны жүргүзүп келишти. Бизде кыргыздын жолу, тарыхый орду жөнүндө ойлонгонго, аны издегенге, стратегиялык максаттарыбызды аныктаганга аракет жок. 2005-2010-жылдардагы элдик социалдык ыңкылаптардын негизги, келечектүү максаттары тууралуу жакшылап ой жүгүртө элекпиз.

Бийликке келгендер утурумдук, мамлекеттин деңгээлинен алганда, майда-чүйдө менен алектенишип, жалпы стратегиялык максаттар аныкталган жок. Натыйжада, биздин алигиче сап кармай турган урааныбыз жок. Бул улуттук идеологиядан да чоң нерсе. Менимче, кыргыз мамлекетинин өнүгүү урааны «Улуттук рух, дөөлөт жана дүйнөлүк илим, техниканын, технологиянын жетишкендиктери – биздин келечегибиз» деген болуш керек. Бизде 8 жолу Конституция өзгөртүлдү. Ошонун баары тең Батыштын баалуулуктарынан, либералдык жана монетардык саясатынан көчүрүлүп алынган. Мамлекет Конституциясы улут тарыхынын, философиясынын, рух дөөлөттөрүнүн негизинде, азыркы юридикалык тил менен жазылышы, Жогорку Кеңеш кабылдаган мыйзамдар элдик каада-салтка, үрп-адатка, маданиятка негизделиши кажет. Мына ушулардын негизинде жалпы стратегиялык максаттар, күнүмдүк жашоо, тиричиликтин жана мыйзамдардын өзөгү аныкталганы туура. Ошондо гана Кыргызстан Чыгыштагы Азия мамлекети катары өз өзгөчөлүктөрүнө таянып, бардык жарандарына бакубат турмушту, социалдык өнүгүүнү жана жакынкы, алыскы өлкөлөр менен тең ата, өнөктүк жашоону камсыздай алат.

Кыргыздар XX кылымдын башында Россиянын колониясы, анан 70 жыл бою «советтик мамлекеттүүлүктүн» курамында башка саясаттын жана идеологиянын үстөмдүгү менен күн өткөрүп келишкен. Бирок, өз алдынча мамлекет куруу, эркиндикте жашоо тилегин кыргыздар эч убакта «таштаган» эмес. Буга кыргыздардын көп сандаган элдик жомоктору, макал-лакаптары жана XX кылымдын биринчи чейрегинде «заманчылар» деп тарыхта калган кыргыздын ойчулдарынын, акылмандарынын чыгармалары күбө же 1916-жылы кыргыздын «Үркүн» деп тарыхка кирген Россияга каршы азаттык, эркиндик үчүн күрөшү да таамай мисал эмеспи.

XX кылымдын 90-жылында Советтик империянын согушсуз тарашы кыргыз улуттук мамлекетин түптөөгө шарт түздү. Андан бери 27 жылдын жүзү болду. Бирок, мурунку батыштын таасири менен калыптанган мамлекет башкаруунун салты, акылы үстөмдүк этип, улуттук таза коом куралбай жатабыз…

Тарыхый чындыкты моюнга алышыбыз милдет. Улуттук элита өзүлөрүнүн тарыхый миссиясын унутуп, саясий тажрыйбанын жоктугунан улуттук корупционерлерге, саткынчыларга, урууларга, жемкорлорго айлангандыгы да бүгүнкү трагедиялуу тарыхый чындык. Натыйжада илгери беш каман болсо, азыр топ каман үстөмдүк этүүдө.

Абдыжапар Эгембердиевдин төмөнкү ыр саптары азыркы абалды таамай сүрөттөгөн:

Салт-санаа кирдеп бутту, ирип турат,

Адебиң, намыс-арың чирип турат.

Эл-жерди багат деген эрендериң,

Эсирип эл жегенге кирип турат.

Мансабың майкандашып көрүп турат,

Мителериң майлуу жерге ээ болуп,

Башыңда башчы болоор

Манасың жок, Абыке, Көбөштөруң толуп турат.

Ушундай убакта жана шартта пайда болгон Жогорку Кеңеш -Парламент батыштын үлгүсүндөгү мыйзамдарды биринин-артынан бирин кабыл алды. Алар иштебейт, аларды калк, өзгөчө жаштар билбейт. Мындай абал депутаттардын күнөөсү эмес, азабы, тозогу. Өткөн чактын чегинен чыга албай, салт боюнча башка элдердикине, коомдорго окшоштуруу аракеттери. Ошол эле учурда руханый байлыктардын, каада-салттардын, үрп-адаттардын улуттук мамлекеттеги мааниси орду ж.б. маселелер жөнүндө республиканын басмаларында көп элеталкуулар,талаш-тартыштар болгону коомчулукка кеңири белгилүү. Тилекке каршы, эски салт, көнүмүш адат, батышты туурамай, көчүрүп алуу аракеттери дагы эле үстөмдүк этүүдө.

Жаңы тарыхый шартта тогузунчу жолу алмашылган Кыргыз Республикасынын Конституциясында улуттук дөөлөттөр, кылымдар боюнча чогулткан акыл-эс,тажрыйба, идеялар, жол-жоболор жок. Демек, Парламентаризм үстөмдүк этүүчү республикада – улуттук мамлекеттин болушу толук негиздүү талап! Кыргызстандыктар үчүн улуттук мамлекеттик түптөөнүн ачкычы боло турган чыгыштын улуу ойчулу Конфуцийдин жобосун келтирейин: «Ата-бабаңдан калган жолдун бар экенин билип, туруп аны тутпоо — коркоктук, ал эми билип туру, аны башка жолго алмаштыруу – ата-баба арбагына чыккынчылык,  “Теңирге кыянатчылык”. Демек, Чыгыш элдери, ошонун ичинде кыргыздар жол-башчы издебей.жолду издешкен. Анткени, жол аракеттин багыты, ийгиликке, жеңишке жетиш жолу, жөнү, ыгы. Жолу болуу- иши ордунан чыгуу, олжолуу болуу. Жолу ачылсын-дейт кыраакы кыргыз. Демек жол – идея, багыт, эркин өнүгүүнүн булагы. Ошондуктан, кыргыз «билген жолуңду атаңа бербе» – дейт. Үрп-адатка, салтка байланыштуу болгон шарт, ирет.

Кыргыз акылга, билимге, илимге байыртадан ыктаган ыйык нарк, көрөңгө дөөлөттөрү менен адамзат тарыхында татыктуу орду болгон байыркы калк. Аларды кыскача санай кетелик: 1) Акыл, билим, илим эриш аркак болуп бирин-бири жетелейт. Ушуларды чечмелеген эле кыргыздын миңден ашык макал-лакаптары бар. Мисал катары кээ бирлерине көңүл буралык. «Акыл-алтын, ой-күмүш. Акыл деңизден терең, билим-тоодон бийик. Акыл тоңбогон топ, билим түгөнбөгөн кенч. Акыл азбайт, билим тозбойт. Акыл айга жеткирет» жана башка дагы 100дөн ашык акылды эле чечмелеген макал-лакаптар бар.

«Билим адамдын канаты. Билим жанып турган чырак. Билим деңиз, акыл кайык. Билим алууну бешиктен башта. Билим болбой илим болбойт. Билим үйрөнгөн кишинин иши көккө жетет. Билимдүүдөн акыл чыгат, акылдуудан накыл чыгат. Билимсиз адам — мөмөсүз дарек», ж.б.

«Илим албай мактанба, өнөрлүү болбой — баптана. Илим турмуш чырагы, өнөр эрдин куралы. Илим элдин көркү.токой жердин көркү. Илим акылдын кайрагы.

Илимдин падышасы акыл, сөздүн падышасы – макал. Илимдүү -нур, илимсиз—көр. Илимдүү баштайт, илимсиз ээрчийт. Илим ийне менен кудук казгандай» ж.б.

Адам жашоосу канчалык көп кырдуу болсо, кыргыздын макалдары, ылакаптары, учкул ойлору да ошолордун көп кырдуу татаал турмушун, баатырдыгын камтыган, канааттуу, ыргактануу, жандуу куюлушкан сөз түрүндө урпак-тарга жеткен; Алар кыргыздын тарыхты карыткан өмүрүндө дайыма булак бөлүп келген. Демек, илимий-техникалык революциянын шарттарында акыл, билим, илим биз үчүн нагыз күзгү;

2) «Манас» эпосу баштаган эпостор, көп тармактуу санжыралар улуттук дөөлөт, руханий нарк болуу менен, каада-нуска, салт, адат – өркүндөөнүн жана өзгөрүүнүн өрнөктүү өбөлгөлөрү болуп, жашоого тутка – жөлөк, өмүргө өзөк, элибизге ыйык мурас катары кыргыздын бай тарыхында жашап келген жана жашай бермекчи;

3) Кыргыздар байыркы көчмөндүк жашоодо эле атты, уйду, кой-эчкини, төөнү маданиятташтырган, үйгө үйрөткөн. Дүйнөнү дүңгүрөтүп, Шумер цивилин түзгөн, көчмөндөр мамлекеттерин, империяларын гүлдөткөн, Батыш европалыктарга шым, дамбал, көйнөк кийгенди үйрөткөн, кеңири жайылткан;

4) Манасчылар, ырчылар, акылмандар, жомокчулар сан-жырачылар-алардын көпчүлүгү куйма кулак тарыхтан кеңири кабары болгон көчмөндөрдүн акыл-мандары, даанышмандары эле. Манасчы санжырачылар – Манаска нагыз тарыхый Инсан катары мамиле жасашып, Манас жөнүндөгү эпос анык кыргыздын тарыхы жана ал биздин доордон 500 жыл илгери башталганы айтылат. Ошондуктан. Манастын ата-тегин өзүнчө баяндашат. Ошол замандагы тарыхый кырдаалды толук сүрөттөшкөн;

5) Кыргыздардын кылымдарды карыткан акыл-эси, санжыралары, тарыхы, ар кандайташ беттерине жазылган: Орхон-Энесей жазмаларында чагылдырылган, байыркы руникалык эстеликтер Орто Азиядан, Волга боюнан, Түндүк Кавказдан, Кыргыздын ар кайсы аймактарынан табылган. Карт тарыхта булар түрк доору деген наам менен сүрөттөлгөн; Мунун баарында байыркы көчмөндөрдүн дүйнөгө болгон илимий түшүнүктөрү сакталууда;

6) Көчмөндүк турмуш тарыхтын, акылдын, даанышмандык салттардын оозеки өнүгүшүн шарттаган. Элде ооздон-оозго, укумдан-тукумга айтылып келе жаткан, эл эч качан эсинен чыгарбаган, элдин эс тутумунда жашаган окуялар, тарыхый адамдар жөнүндө баяндар өтө көп. Кыргыз тарыхында өз кызматтары аркылуу кеңири таанылган, элдин эрдигин, журттун каадасын, баш-каруунун салт-нарктарын,учурдагы турмуштун көп кырдуу өйдө-ылдыйлыгын жөнгө салган акыл-мандыгын.туңгуюктан жол тапкан амалкөйлүгүн, улууну урматтаган, кичүүгө сый мамиле жасапдилин тапкан даанышмандыгын даңктаган аңыз кеп, уламыш, баяндары жөн жерден чыкпагандыгы бештен белгилүү.

Булак: «Жаңы Ордо»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: