UFC уюмунун мушкери Ирландиялык Конор Макгрегор Россиялык спортчу Хабиб Нурмагомедов менен тезинен реванштык беттешке чыгууну талап кылып жатат. Бул тууралуу MMA Fighting порталы UFC уюмунун башчысы Дана Уайтка таянуу менен билдирди.
Макгрегор менен Дана Уайт жарым сатка жакын сүйлөшүп, ким менен болсо да беттешүүгө даяр экенин, бирок башкысы Хабиб Нурмагомедов менен беттешкидей болуп кайтып келээрин билдирген.
Эскерте кетсек, 6-октябрда Хабиб Нурмагомедов Лас-Вегаста өткөн UFC 229 турниринин башкы беттешинде Конор Макгрегорду муунтуу ыкмасы менен жеңип алган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ