Menu

Эртең Улуттук илимдер академиясында “Тарыхый эс тутум: саясий репрессиялар жана анын кесепети” аттуу эл аралык илимий конференция өтөт

Бөлүшүү:

Эртең, 6-ноябрда Улуттук илимдер академиясынын чоң жыйындар залында “Тарыхый эс тутум: саясий репрессиялар жана анын кесепети” деген аталыштагы эл аралык илимий конференция өтөт.

Иш-чарага Кыргыз республикасынын жетекчилери, УИАнын академиктери жана корреспондент-мүчөлөрү, КР жождорунун окутуучулары,  чет өлкөлүк жана Кыргызстандык илимпоздор катышат.

Аталган конференцияда Кыргызстандагы репрессияга кабылгандардын тизмегин тизүү, “Алаш Ордо” кыймылы, коллективдештирүүдөгү репрессиялар, Совет мезгилинин алгачкы күндөрүндөгү жумушчулардын эл аралык тилектештиги, тарыхый инсандар: Данаке Исаев, Баялы Исакеев, Базаркул Данияров, Төрөкул Айтматов, Нуркул Калназаров, Сатыбалды Нааматов, Осмонкул Алиевдер жөнүндө маалыматтар билдирилип, иш-чаранын аягында резолюция кабыл алынат.

Конференциянын максаты элге 1930-жылдардагы саясий репрессиянын натыйжасында элибиздин миңдеген бейкүнөө уул-кыздарыбыздын азап чеккенин жана курман болгондугун элдин калың катмарына жеткирүү жана ошол кайгылуу окуядан азыркы күндө сабак алуу болуп эсептелет.

Иш-чараны КР УИА, Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратына караштуу Кыргызстан элинин тарых жана маданий мурастарынын “Мурас” коомдук фонду, И.Арабаев атындагы КМУ, Ж.Баласагын атындагы КУУ, Ч.Валиханов атындагы Тарых жана этнология институту уюштурууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 50 = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: