Menu

ИИМ: Саптык кароо республикадагы салтанаттуу майрамдардын алдында дайыма таң эрте өткөрүлөт

Бөлүшүү:
Биз сыйлаган жана урматтаган  “kyrgyztoday.org”  маалымат сайтындагы «Кыргыз милициясынын тарыхында болбогон жосунсуз жорук менен шылдыңга кабылдык” маалыматына жооп иретинде: Туура, үстүбүздөгү жылдын 26-октябрында (маалыматта 27-октябрь деп күнү туура эмес көрсөтүлгөн) Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин жана  орун басарларынынын катышуусунда жана ошондой эле ИИМдин кызмат башчылары менен бөлүмдөрдүн жетекчилерин, ошондой эле, ИИМдин “Шумкар”атайын багыттагы полктун, милициянын кайгуул-күзөт кызматынын, Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын, Бишкек ШИИББ менен Чүй ОИИББдин бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин таң эрте саат 07.30да  Өкмөт үйүнүн алдына саптык кароо өткөрүлдү. Баса белгилеп айта кетели, аталган иш чарада  1-ноябрь милиция күнүнө карата министр өздүк курамды майрамы менен куттуктап жана аларга коомдук тартипти сактоодо кошумча тапшырмаларды берип анан ошондой эле кызматтык милдеттерин аткарууда ийгиликтерге жетишкен милиция кызматкерлерине сыйлык да тапшырган.
Айтаарыбыз, Өкмөт үйүнүн алдына коомдук тартипти сактоо багытында жана алардын кызмат өтөөдөгү даярдыктарын, кийим кечегин жана саптык кароого тиешелүү бардык жагдайларын текшерүү максатындагы мындай саптык кароолорду эртеби, кечпи, ысыкпы-суукпу милиция дайыма өткөрүп келген жана мындан ары да өткөрүлө бермекчи. Аны жанагы ички иштер министрлигинин кызматкерлери дегендер да “абдан жакшы” билишет.
Биз дайыма мындай иш чараларды таң заардан өткөрөбүз, себеби бардыгы убакты саатында кызмат ордуларында болушу абзел. Ал эми ИИМ өткөрүп жаткан саптык кароо учурунда Өкмөт башчынын кортежи өтүп бараткан болсо аскер кызматындагы салтка ылайык “честь” берүү  эч кандай эрежелерди бузганга жатпайт, бул жөн гана аскердик тартиптүүлүк катары бааланат. Аталган кортеждде Өкмөт башчынын бар экендигин жана ал дагы кызматына келе жаткандыгын биз так билген болчубуз.

Биз аскер кызматындагы форма кийген коомдук тартипти камсыз кылууда жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө максаттуу багыттары бар миңдеген курамы бар күч түзүмү болуп эсептелебиз жана биздин эн негизги багыттарыбыздын бири коомубузда жарандарыбыздын коопсуздугун сактоо болуп эсептеле тургандагын да дагы бир жолу баса белилейбиз жана саптык кароолорду дайыма пландуу түрдө өткөрө бермекчибиз.

Аталган макала боюнча айтаарыбыз “бөйрөктөн шыйрак” чыгара бериштин кажети канча же кимдир бирөөлөрдүн атайын буйрутмасынын негизинде жазылып жаткандыгын жана ИИМдин жетекчилигине көө сүртүү максатында, эптеп жоктон бар кылып, “жумурткадан кыр” чыгарган жана ички иштер министрлигигин жалпы атына жамынган жазмакерлерге баракелде.

Ал эми ички иштер министрлигинде болуп жаткан реформалык өзгөрүүлөр тууралуу ИИМ дайыма коомчулук алдында ачык айкын айтып келет. Ага мисал катары жакында эле жалпыга маалымдоо каражаттары  менен өткөрүлгөн пресс-конференцияда ИИМ толук позициясын билдиргендигин белгилейбиз.

Ички иштер министрлиги

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 75 = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: