Америкалык белгилүү мушкер Флойд Мейвезер эми октагонго чыгып көрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Флойд Мейвезер ММАдагы алгачкы кармашын 31-декабрда Rizin спорттук уюмунун алкагында Токиодо өткөрөт.
Анын атаандашы 20 жаштагы Япониялык кикбоксчу Тенсин Нацукава болмокчу.
Флойд Мейвезер ушул убака чейин жеңилүү ызасын тарткан эмес. Ал 5 салмак категориясында чемпион болуп, профессионалдык бокста 50 беттеш өткөрүп баарында жеңишке жетишкен.
Флойд Мейвезер ушул убака чейин жеңилүү ызасын тарткан эмес. Ал 5 салмак категориясында чемпион болуп, профессионалдык бокста 50 беттеш өткөрүп баарында жеңишке жетишкен.
Ал эми анын атаандашы Тенсин Нацукава да карьерасындагы 27 беттеште бирда жеңилген эмес.
Буга чейин UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов Флойд Мейвезерди беттешүүгө чакырган.
Америкалык мушкер анын чакыруусун кабыл алып, ага каражат топтой бериши керек экендигин телеканалдар аркылуу айткан. Ал эми UFC уюмунун президенти Дана Уайттын акыркы билдирүүсүнө караганда спортчулардын кармашы ММА эрежесинде болушу мүмкүн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ