Menu

ЖРТнын жыйынтыгы менен колледжерге дагы тапшырууга мүмкүндүк берүү сунушталууда

Бөлүшүү:

Өкмөт мектеп бүтүрүүчүлөрүн Жалпы Республикалык Тестирлөөнүн жыйынтыгы менен колледждерге дагы тапшырууга мүмкүндүк берүүнү сунуштоодо. Билим берүү тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселени депутаттар   билим берүү, илим, социалдык маселелер, маданият жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча парламенттик комитетинин отурумунда талкуулашты.

Билим берүү министринин орун басары Кудайберди Кожобаевдин айтымында, мыйзам мектеп бүтрүүчүлөрүнө колледждерге ЖРТнын жыйынтыгы менен тапшырууга мүмкүндүк берүүнү көздөйт.

Учурдагы мыйзам ЖРТнын жйынтыгы менен Жогорку Окуу Жайларга гана өтүү мүмкүндүгүн берет. Эгерде бүтүрүүчү жеткиликтүү балл ала албаса, ал орто билим берүүчү окуу жайга сертификат менен өтө албайт.

Өкмөттө аталган норманы өзгөртүү сунушталууда.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 59 = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: