Чүй облусунун аймагында мыйзамсыз ок атуучу куралды сактап жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу ШИИБинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка караганда, 30-октябрь күнү криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери Чүй облусунун аймагында ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, шектүү катары 1962-жылы туулган Т.Т аттуу жаранды кармашкан. Анын үйүн тинтүү учурунда Макаров үлгүсүндөгү тапанча жана 6 даана ок табылган. Табылган курал баллистикалык экспертизага жөнөтүлүп, жыйынтыгында 2010-жылдагы Апрель окуясында жоголгон курал экендиги аныкталган.
Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, Ысык-Ата РИИБинин тергөө кызматы тарбынан Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренеси менен кылмыш иши козголуп тергөө амалдары жүрүп жатат. Шектүү буга чейин да адам өлтүрүү жана алдамчылык боюнча соттолуп, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда тургандыгы аныкталды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ