Menu

“Кыргызаэронавигациянын” жетекчисинин орун басары каза болгон кырсык. Айыпталуучу тарап кырсыктын жалгыз күбөсүн издөөдө

Бөлүшүү:

“Кыргызаэронавигация” ишканасынын жетекчиси каза болгон жол кырсыгы боюнча иште бир гана күбө болгон. Бул тууралуу айыпталуучулардын биринин жубайы Зейнеп Сулайманкулова билдирген.

Анын айтымында, окуя болгон түнү маркумга аскер формасындагы дарыгер жардам көрсөткөн. Азыр айыпталуучу тарап аны издөөдө.

“Бул күбө абдан маанилүү. Күнөлүүлөр кылган кылмышы үчүн жазасын алса дейм. Менин жолдошум-айыпталуучулардын бири. Ал жүргүнчү болгон. Азыр эки айыпталуучу тең камакта. Мен жөн гана тергөөгө чындыкты кандай болсо дагы  табууга  жардам көрсөтсөм дейм”, – деп билдирген Зейнеп Сулайманкулова.

Белгилей кетсек, айыпталуучулардын биринин жубайы Масалиев менен Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде эки күндөн бери турат. Ал колуна жол кырсыгынын күбөлөрүнөн жардам суранычы жазылган кагаз кармаган.

Эске салсак, Маматназар Жакыпбаев 21-октябрь күнү жол кырсыгынан каза болгон. Анын өлүмүнө шектүүлөр камакка алынган.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: