Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев КММАга караштуу көрүүсү начар студенттер билим алып жаткан окуу жайды жабууну токтотуу өтүнүчү менен кайрылды. Бул тууралуу ал бүгүн парламенттин социалдык маселелер, билим берүү жана илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинин отурумунда билдирди.
Анын айтымында, окуу жайда көрүүсү начар студенттер укалоочунун кесибин үйрөнүп, жеке жана мамлекеттик клиникаларга жумушка орношууда.
“Быйыл студенттерди Бишкектин медициналык колледжине которуу тууралуу протоколдук тапшырма келиптир. Бирок аталган окуу жайдын статусу төмөн, студенттерди кийин жеке клиникаларга жумушка албай коюушу мүмкүн”-деп билдирген эл өкүлү.
Вице премьер-министр Алтынай Өмүрбекова окуу жайда болгону 18 студент окуурун, жана алар бир кесипти гана алып, 15 кызматкер иштегенин билдирген. Ал аталган маселе изилденип жатканын белгилеген.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ