Кыргызстан менен Сербиянын өкмөттөрү ортосунда 2017-жылдын 5-ноябрында кол коюлган жалпы жарандык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды жоюу жөнүндө келишимге ылайык, 8-ноябрдан тарта өлкөлөр ортосунда визасыз режим иштей баштайт. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз катчылыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн жарандары визалык талаптардан 90 күндөн ашпаган убакытка бошотулган.
Келишим эки тараптык соода-экономикалык жана инвестициялык алакаларды түзүүгө жеңилдик берүүнү, маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоону жана туризм тармагын өнүктүрүүнү көздөйт деп билдиришти мекемеде.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ