Өлкө аймагында акыркы 10 күн аралыгында 15 миң 823 жол эрежелерин бузуу фактысы катталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдирди.
Ар кандай эрежелерди бузган 869 айдоочунун унаасы айып төлөөчү жайга киргизилди.
Тартип сакчылары тарабынан жүргүзүлгөн рейд учурунда 15 миң 823 жол эрежелерин бузуу фактысы катталган. Анын ичинен 202 айдоочу мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн, 1 миң 961 айдоочу катуу ылдамдык менен жүргөн, 41 айдоочу унаасынын айнектерин караңгылатып алып айдаган. Коопсуздук курун тагынбаганы үчүн 3 миң 932 айдоочу, жол эрежелерин сактабагандыгы үчүн 2 миң 410 айдоочу, унаа башкарып баратып уюлдук телефондо сүйлөшкөн сүйлөшкөн 2 миң 805 айдоочу жоопко тартылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ