Menu

20 жыл ичинде Евро Биримдик Кыргызстандын бюджетин колдоого 200 миллион евро бөлүп берген

Бөлүшүү:

“20 жылдан ашуун убакытта жардам көрсөтүү  программасын реализациялоонун алкагында Евро Биримдик Кыргызстандын бюджетин колдоого 200 миллион евродон ашык каражат грант бөлүп берди”-деп билдирди КРнын Каржы министри Адылбек Касымалиев  Евро Биримдиктин Кыргызстандагы өкүлү Эдуард Ауэр менен жолугушууда.

Министр бөлүнгөн каражаттар социалдык коргоо, айыл чарба жана билим берүү системаларын реформалоого сарпталганын белгиледи. Азыркы учурда Кыргызстан ЕБдин 3 программасын ишке ашырууда.

Билим берүү секторун реформалоо келишими боюнча Кыргызстан 2018-жылдын аягына чейин Евро Биримдиктен 10 миллион евро өлчөмүндөгү үчүнчү траншты алууга даярданууда.

2019-жылдан баштап билим берүү секторунда жаны программаны баштоо каралууда, анын бюджети 35,7 миллион еврону түзөт, каражаттын 32 миллион евросу бюджетти колдоого жумшалса, 3,7 миллион евро техникалык тейлөөгө сарпталат.

Евро Биримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн төрагасы Эдуард Ауэр белгилегендей, Каржы министрлиги жаңы макулдашууда  гана эмес, эки тараптык алакаларды түзүүдө жана өнүктүрүүгө багытталган сүйлөшүүлөрдө дагы маанилүү ролду аткарат.

“Биз бюджеттик колдоону улантабыз. Ушундай эле колдоо суу менен камсыз кылууда дагы көрсөтүлүшү керек”, -деп жыйынтыктады Ауэр.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: