Menu

ИИМ: «Асылбек уулунун кылмыштуу топко тиешеси бар» деген маалымат жок”

Бөлүшүү:

Аткезчилик боюнча айыпталып, Казакстанда камакка алынган кыргызстандык депутат Дамирбек Асылбек уулунун кайсыл бир кылмыштуу топко тиешеси бар экени жөнүндө Ички иштер министрлигине буга чейин маалымат түшкөн эмес. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов билдирди.

– Депутаттыкка өткөндө же каттоого алынганда Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бизге тизме жөнөтүп, тактоо иштерин жүргүзөт. Соттолбогон болсо, кылмыштуу иштерге катышпаган болсо, анан каттайт. Ал кишинин кылмыштуу топторго тиешеси бар экени жөнүндө маалымат жок.

Быйыл февралда Казакстанда аткезчиликке шектүү катары кармалган 29 кишинин арасында Кыргызстандын үч жараны, арасында Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу да бар экени белгилүү болгон.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги кийинчерээк Дамирбек Асылбек уулу казак жараны экенин маалымдаган. Депутаттын атасы уулу Кыргызстандын жараны болгонун, Каракол шаарында туулуп-өскөнүн айтып чыккан.

Алардын ишин Алматы район аралык соту карап жатат. Жараян быйыл 19-октябрда башталган. Ал күнү мурдагы депутат кыргыз жараны экенин билдирип, Кыргызстанда соттоону суранган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 34 = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: