Menu

Казакстан «кайра тарбиялоо лагерлерине» байланыштуу Кытайга нота жөнөттү

Бөлүшүү:

Астана Шинжаңдагы «кайра тарбиялоо лагерлери» тууралуу билдирүүлөрдөн кийин Кытайдын элчилигине нато жөнөттү. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров билдирди.

Бир нече күн мурун Кытайдан келген казак улутундагы өспүрүмдөр Шинжаң аймагындагы саясий тарбия берүүчү лагерлерде кармалган ата-энелери тууралуу видеокайрылуу жасап, Казакстандын бийлигинен жардам сурашкан.

“Бизде бул тууралуу маалыматтар бар. Кытай тараптан тиешелүү иштер жүрүүдө, сүйлөшүп жатабыз. Астанадагы Кытайдын элчилигине дипломатиялык ноталар жөнөтүлдү. Мындан тышкары биздин Пекиндеги элчилик аркылуу иштер жүргүзүлүп жатат. Бул балдардын айрымдарынын ата-энелерин билебиз, алар боюнча маалыматтар такталууда. Биз тараптан текшерилген бардык маалыматтар тиркелип, дипломатиялык нота жөнөтүлдү, кытай тараптан аларды тактап берүүнү өтүндүк”, – деди Смадияров.

Анын айтымында, Кытайга өтүнүч жиберердин алдында мекеме укук коргоо органдары менен биргеликте өспүрүмдөр жана алардын ата-энелери тууралуу маалыматтарды текшерүүдө.

«Ал балдардын арасында ТИМге расмий кайрылбагандары да бар экен. Ошондуктан биз аларга бардык документтер менен маалыматтарды топтоп, расмий кайрылгыла деген сунуш берип жатабыз. Андан соң биз алар боюнча текшерүү иштерин баштайбыз», – деди Смадияров. Бирок ал текшеруү канчага созулушу мүмкүндүгүн тактап айткан жок.

2-ноябрда Кытайдын Шинжаң аймагынан келген казактар Алматыда Казакстандын бийлиги менен эл аралык укук коргоо органдарына кайрылып, белгисиз себептерден улам Кытайдан чыга албай жаткан ата-энелери менен жолугушууга жардам берүүнү өтүнүшкөн. Алардын арасында камакта жаткандары жана үй камагындагылары да бар экени айтылган.

Кытайда улуттук азчылык өкүлдөрү, анын ичинде казактар камалып жаткандыгы тууралуу билдирүүлөр былтыр апрелден тарта айтыла баштаган. Туугандары Кытайда калган Казакстандагы казактар маалымат жыйындарын өткөрүп, туугандарын камактан чыгаруу өтүнүчү менен Астана жана Пекинге кайрылууларды жолдоп келишет. Алар туугандары «саясий жактан кайра тарбиялоо лагерлеринде» негизсиз кармалып турат деп эсептешүүдө.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 + = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: