Өкмөттүн Нарын областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповдун кызматтан кетээри айтыла баштады. Чын-чынында Кайыпов губернатор болуп келгени кыйраткан иштердин бүткөнүн көрө алганыбыз жок. Кайсы жерде мектеп ачылып, кайсы жерде майрам болсо эле жүрдү майланышып. Колунан келишинче, дараметинин жетишинче аракетин кылды. Өткөн жумаларда Аманбай мырза жетектеген Нарын областынын, анын ичинде Нарын шаарына кире беришиндеги эки илбристин сөлөкөтү түшүрүлгөн таш куйманын кейпи кеткенин жазып чыгышты. Бирок, ага эч кандай реакция кылган жок. Себеби, Аманбай Кайыповду андай майда-барат нерселер кызыктырбайт да…
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ