Menu

Бийликти жаман көргөзүүгө далалаттанган Жолдубаева

Бөлүшүү:

СДПК партиясынын «дзотко» төшүн тоскон катчысы бар эмеспи. Кундуз Жолдубаева деген. Кундуз айым өткөн жумада жергиликтүү басылманын бирине маек бериптир, «шефин» коргоп… Мейли, коргосун. Бирок далилдүү аргументтер менен оюн айтса болмок экен деп калдык.

Дегенибиз, Жолдубаева ал маекте: «31-августта эгемендүүлүк күнүнө карата чакырса барбай койду, Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине да катышкан жок» деп чыгышты. Мунун чын-төгүнүнө токтоло кетейин. 31-августтагы чакырууну элдин көзүнө көрүнүш үчүн гана жасашты. Алмазбек Шаршеновичтин радикулит менен кыйналып жатканын эң сонун билишкен. Эми мындай расмий чакыруунун жол-жобосу деген бар да, аны тийиштүү тартипте жеткириш керек. Бул жерде болсо президенттик аппараттын инспектору менин телефонума чалып, «келип чакырууну алып кеткиле» деди. Чакыруу кагазын жеткирип бериш керек эмеспи, «келип алып кеткиле» дегенди кандай мамиле катары түшүнөбүз? Көчмөндөр оюндарына болсо жөн гана төшкө илме бейджиктерди тапшырып коюшту. Бул кандай? Кийинчерээк социалдык тармактардан көрүп калдык, VIP-лоджияда кадимки эле Райым Матраимов да отуруптур. Эмне, «чогуу отургузуп коёлу» дешкенби? Кыскасы, бул «жөн эле чакырбай койду» деген кепке калбоонун, эптеген будамайлоонун амалы болду» деп божураптыр.

Биз билгенден «Раим миллион» «випте» олтурган жок. «Випте» Президент Сооронбай Жээнбеков, Түркия президент Режеп Тайип Эрдоган, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев сыяктуулар кадырлуу меймандар олтурду. Раим Матраимов эл катары 2000 сомго билет сатып алганын укканбыз, бирок, аны депутаттар менен олтурганы боюнча айтсак агасы Искендер Матраимов чакырыптыр чогуу олтуралы деп. Ал эми 31августта келсе экс-президент кантип төшүнө бейджик менен кирмек эле, келсе бейджиги жок эле кош колдоп тосуп алышмак да. Экс-президент Роза Отунбаевалар менен аянтка чейин чогуу басмак да. «Бүткөн ишке сынчы көп» болуп кылдан кыйкым издөөнүн кандай зарылчылыгы бар эле?

Камчы Кадыров

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 + = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: